www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кезинде кыргыздарды койго теңеп, атасы ажо болгондо чабан сыпатында сүрөттөп жүргөн Максим Бакиевдин ынагы болуп, «Кыргызнефтегаз» деген ишкананы тоймок тургай, топук кылууну унутуп коюп жеген делген чыгаан. Бир убактарда бул жигитке кылмыш иши козголуп, бирок, Жокенин колдоосу менен аман калган. Азыр да депутат. Бул деген ага укук тармагынын укуругу жетпейт дегендик.

Анткени, канчалаган депутаттар камакка алынып, айрымдары түрмөдө олтурса, айрымдары ал жактан бошоп чыгууга да үлгүрүштү. Бир гана ушул Пирматов деген эргулдун кылын кыйшайта албай атышат. Колдогону күчтүү экени ушундан билинип жатат өңдөнөт. Демек, колдоочуң Лондондо болсо коргоолуңа чыбык сая алышпайт деген аксиома аныкталып баратабы? Же бул сапар акыйкат өз өкүмүн жүргүзөбү? Эрк сынамай али алдыда…

Булак: “Де-Факто”

Последние новости