www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-депутат, V чакырылыштын вице спикери Надира Нарматовага байланышып,  Отунбаеванын “президент мурдагы бийликтин акыйкатсыз чечимдерин өзүнө жүктөбөшү керек” деген сөзү боюнча пикирин уктук.

-Надира Азимовна,  Роза Отунбаева Текебаевге ырайым берилбесин укканда “президент  мурдагы акыйкатсыз чечимдерди өзүнө жүктөбөшү керек” деди. Президент Отунбаеванын жана алты фракция лидеринин өтүнүчүн эске албай, катачылыкка жол берип алган жокпу?

-  Президент мыйзам ченемдүү ырайым берүү үчүн, соттолгон адам өзү арыз менен Президентке ырайым сурап кайрылса, президент карап көрүп, президенттин алдындагы комиссияга жөнөтөт. Комиссия Текебаевдин арызын мыйзам ченемдүү карап чыгып, президентке комиссиянын бүтүмүн бериш керек.

Ырайым берүү боюнча комиссиянын бүтүмүнүн негизинде Президентке ырайым берүү боюнча Жарлыкка кол койот. Бүгүнкү Президенттин айткан жообу мыйзам ченемдүү туура деп ойлойм. Текебаев өзү ырайым сурап арыз жазган болсо, анда Текебаев күнөөсүн мойнуна алган болуп калат. Ошондуктан ал киши эч убакта  өзү ырайым сурап жазбайт. Ал эми Ө.Текебаевдин ордуна Роза Отунбаеванын ырайым сурап арыз жазганы экс-президент катары ,учурдагы президентке басым көрсөтүп,  президентти мыйзамсыз кадамга түрткөнгө барабар болду.

Же балким мыйзамды түшүнбөшү мүмкүн. Өкүнүчтүүсү, алты фракциянын жетекчисинин Отунбаеванын арызын колдоп, өздөрү мыйзам чыгаруу борборунда олтурганына карабай, Конституцияга, мыйзамга карама каршы келет. Алардын президентке Текебаевге ырайым берүү жөнүндө кайрылуу жасашканы мыйзамды ачыктан ачык тебелегендик болуп эсептелет. Отунбаева жана ЖКтин алты фракциясынын жетекчилери саясый чечим чыгаруу жөнүндө же жаңы ачылган жагдайлар боюнча Президентке, башкы прокуратура менен Жогорку сотко Текебаев ,Садыр Жапаров, Талгарбеков жана анын командасы боюнча жалпы саясый туткундар жөнүндө сунуш беришсе реалдуу чындыка жакын болмок.

Президенттин жообу мыйзам ченемдүү туура жооп болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости