www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет айдыңында Кыргызстандын кызыкчылыгын эмес эл аралык уюмдардын жемин талашкан Дастан Бекешов деген макала чыкты.

Жогорку Кеңеште Дастан Бекешов аттуу депутат бар экенин билет эмеспизби? Ошол депутат 2018-жылдын августунда КР өкмөтүнө ««Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күндүк мөөнөттөгү визасыз режим киргизүү боюнча» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча» мыйзам долбоору киргизилгени маалым. Бул мыйзам долбоору Кыргызстандын территориясына визасыз кире турган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүүгө багытталганы түшүнүктүү болуп турат.

Ошентип 2018-жылдын 27-ноябрында Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда биринчи окууда бул мыйзам долбоору жактырылганын да билебиз. 
Бул мыйзам долбоору парламенттеги депутаттардын баарына эле жага берген жок. Айрым депутаттар бул мыйзам долбоору өлкөбүзгө кирип аткан чет өлкөлүк жарандарды контролдоого тоскоолдук жаратарын да айтышты. Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынып кете турган болсо, анда демографиялык кризистеги өлкөлөрдөн (Кытай, Индия, Бангладеш, жана башкалар) келген жарандардын агымынын күчөшүнө жол ачат. Ошол эле убакта чет элдик жарандардын укук коргоо органдарынын көзөмөлүнөн чыгып кетүүсүнө шарт түзөт, себеби миграциялык мыйзам менен алар кайда жашап атканы боюнча каттоого туруудан бошотулушат.

Анан дагы согуш болуп аткан зоналардан Европа мамлекеттерине качып барышкан качкындардын да өлкөбүзгө кирип келишине жол ачып коет. Өздүгүн тактаган күбөлүктөрү жана качкындар үчүн атайын лагерлерде жайгашкан качкындар үчүн бул маселе деле эмес болуп калат.

Айтор, мына ушул сыяктуу бир топ көйгөйлөрдү жаратат. Ансыз да өлкөбүзгө келип алышып, кайра кеткилери келбей жүргөн чет өлкөлүк жарандардын саны арбыйт. Анда неге Дастан мырза бул мыйзам долбоорун сунуштап атат? Анын кандай кызыкчылыктары болушу мүмкүн?

Көрсө, депутат мырзанын өмүрлүк жары Кундуз жана кызы экөө АКШнын жарандары экен. Анан дагы Кундуз айым кесиби боюнча журналист жана Кыргызстандагы ПРООНдун долбоорлорунун алкагында түзүлгөн «Журналисттер» коомдук бирикмесинин «Law.journalist.kg» сайтында катталган. Демек, Дастан Бекешовдун бул сунушунда эл аралык уюмдардын да изи байкалып турат. Бизге ушундай мыйзам керекпи? Анан дагы өлкөнүн эмес, эл аралык уюмдардын кызыкчылыгын көздөгөн депутаттарды кандай кылабыз?

Булак:  NazarNews.kg

Последние новости