www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында биринчи вице премьер министр Кубатбек Боронов оозу-мурду кыйшайбай туруп “ Биз учуру келгенде Кытайдын карызынан оңой эле кутулабыз, аны ойлонуштуруп койдук” деп айтканы ушунчалык кабакты ачты. Эми биз санаа чекпей жашай берсек болот болуп калды көрүнөт.
Анткени Кубатбек мырза ошондой чоң кызматта туруп, калп айтпаса керек. Буга чейин “жерибиз кытайга карыздын ордуна кетет, элибиз кул болот” деген сымал жагымсыз сөздөргө бөгөт койгон Кубатбек мырзанын айткан сөзү кулак сүйүнө турган жакшы жаңылык болду.
Бирок, кооз сөздөргө ишене берип тажап бүткөн эл, бул айтылган сөзгө ишенеби же Кубатбек мырзанын элди тынчтандыруу үчүн кылган аракетиби аны убакытка коёлу.
Булак: NazarNews.kg