www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Куру демократия, адам укугу деп кыйкырган сырттан каржыланган ички душмандардын курмандыгы болбогула, Хан көтөргөндөгү сый урматы бар. Садыр Жапаров салтанаттуу инаугурация өткөрүүгө татыктуу!” - деди бүгүн, 25-январда Жогорку  Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Надира Нарматова. 

--30 жылда эл өзгөрүүнү каалап, өз эрки менен шайлаган журт башчы, жол башчы, президенттин инагурациясын эмне үчүн жогорку деңгээлде өткөргөнгө болбойт. Эмне Кыргыз элине жакшылык жарашпайбы! Эл тандаган президентти, эл көргүдөй кылып, инаугурация өткөрсөк,

Садыр Жапаровго жарашпайбы! Карап турган дүйнө эли күлбөйбү! Элдин арасындагы бир ууч бузукулардын сөзүнө маани берип, артка кетип, инаугурациянын кунарын учуруп, сумсайтып өткөргөн туурабы? 10 миллион деген акча мамлекет үчүн бир тамчы деле эмес. Ант, берүүгө 10 миллион сом кетет деп кыйкырбай? АША, 600 километр жолду, 600 миллион долларга, жасаганда неге кыйкырган жоксуңар? Кыргыздын душманы кыргыз! Сырттан бирөө келип, чукуланып, кыйсыпур кылган жок.

Анда эр жүрөк,айкөл кыргыз элим! Сөз башынан болсун.

Ар бир учурдун түрдүүчө мүнөздөгү адамдары болот. 30 жыл мурун раматылык Апсамат Масалиевди "кетпесең пальмага асынып өлөм" деген Топчубек Тургуналиев аксакал баш болгон демократ болумуштардын айынан, атка кыйшык минип, туура эмес жолго түшкөнбүз.

Ошол демократ болгондордун кесепети болбогондо кошуналар сыяктуу өсүп, өнүгүп бул күндөрдү көрбөйт белек деген арман көпчүлүктүн жүрөгүндө жашап келет. Кошуналардан өзгөчө болуп, приватизация деп, прихватизация жасап, 70 жылдык байлыкты талап, тоноп, бөлүп алып 10% жетекчи сөрөйлөр байышканы тарыхтын карт барактарында жазылуу жана ачуу чындык.

Бузганын бузуп, сатканын сатып, короо, сарай, бала бакча, завод, фабриканын темир тезегине чейин сатып, самолёт, вертолёттон бери канатын да калтырбай Феликс Кулов сыяктуулар, эшолон эшолон кылып Торугарт аркылуу Кытайга ташып, сатышып эч нерсени калтырышкан эмес. Короо коро миллиондогон, мал, койду эстесең өкүргүң келет.

Ошол тойбостордун кесепетинен азап тартып, көкүрөгүбүздү көтөрө албай, итке минип бир завод, фабрика курбай элибизди чилдей таратып келебиз. Карыздан карыз алып, кайра эле ошол тойбостордун акыркыларына уурдатып коюп, күнөөкөр издеп, карма, карма ууруну деп уурулар өздөрү чуркап жүрүшөт. Тытышып, чукушуп бир бирибизди бучкактан тартып, "сен туруптур мен бармын"- деп келе жатабыз.

70 жылдык чогулткан байлыкты тоногондор, дагы деле тоюп бүтпөй, башкаларга акыл үйрөтүп, ар жерге тумшугун тыгып, эч нерсе болбогондой сынтагып келишет. Жок дегенде басып өткөн жолуңарга көз чаптырып, уялып, элдин ырыскысын жегениңерге Кудайдан коркуп, оо дүйнөдө бере турган суракты да ойлосоңор болот эле. Эмне мынча тойбойсуңар? Тамагыңардын түбү жокпу? Же оо дүйнөгө дүнүйөңөрдү көтөрүп кетесиңерби? Коронавирус, пандемиядан тыйынчалык жыйынтык чыгарбадык. Бийлик, байлык эле талашабыз. Кырылышып, тынчыбайбыз.

Тынчыгыбыз да келбейт. Болбодубу эми. Эл өзү тандаган өзгөрүүгө мүмкүнчүлүк бергиле. Ушул инаугурацияга да таасирлери тийгизип, куйтуланып өлүп баратышат. Сырттан каржыланган, кыргыз душмандарына Кудай берип калды. Шайлоонун жыйынтыгын тырмалап жүрүшөт, сотко берип, өз милдетин аткарып, тынчтыкты бузуп жатышат. Тарыхты эстегенимдин себеби, эч тарыхтан сабак албай койдук.

Жакшыны жакшы деп айтуудан эмне коркобуз. Инаугурацияны да тукургандар ошол эле тойбой жүргөн, аралашып жүргөн улуу муундардын айрым өкүлдөрү. Аларга кошумча сырттан каржыланган ички душмандар. Жөн жата албай, бийликке жетпей калган наркомандык оорусу кармап, ушул Жапаровдун инаугурациясы жакшы өтүп калбасын деген арам ой менен сөз таштап койду, үч күндөн бери түшүнгөнү, түшүнбөгөнү деле үн кошуп жатат.

Инаугурациядан да айып издеп, каяктан тайып кетет экен деп аңдып, шимшип, үч күндөн бери "Жапаров Садыр Нургожоевичтин инаугурациясына 10 миллион кетет экен" деп кээ бир колтугунда котур ташы барлар уктаган жок. Резиденция менен Акүйдүн ортосунда "пробка" ичинде эч ким жок машинага деле болуп жүргөн. Алты жылдап кыңк этпей чыдап келгенсиңер. Бир күнгө чыдамыңар кетип, чыры-чуу түшүп, “пробканы токтот” деп эскертип жатып калдыңар!

Дос менен душмандын алдында, дүйнө көз салып турганда, кыргыз эли өз президенттин инаугурациясын өткөрүп, антын алып, шаан-шөкөт менен элдик Президентти кызматына отургузуп, айкөл экендигин көрсөтүп койсо эч нерсе болбойт. Миллиардды уурдап, доолулук кылып, төлөбөй же сурак бербей, элдин тынчын алгандарга, башыбызды кумга тыгып, оозго талкан салып унчукпайбыз, 10 миллион сом, доллар эмес.

Мамлекеттин аброюу, президентти сый-урматы менен антын алган иш чарага жумшагандын эч кандай терс жагы жок. Мынчалык кара өзгөй болбосок. Ортодон чыга калып, интернет сайттарга жаза койгон, борбордон чыккан Итбай, Чотбайдын сөзүн тактабай туруп, "Эл нараазы болуп жатыптыр" - деген тыянактан, ойлорду айтаарда этият кылсак болмок. Жапаровду колдогон карапайым эл, региондордо колдогон шайлоочулары Президенттин инаугурациясын чыдамсыздык менен жогорку деңгээлде өткөрсө экен деп күтүп жатышат. Эмнеге болбосун элдик бийликти, элдик президентти мыйзам чегинде, жакшы иш-чара кылып өткөрүп койгонго. Жакшылыгыбызды ашырып, жамандыгыбызды жашырып, түздөп үйрөнбөйлүбү? Демократия деп бар жогубуз ачылып, чачылып бейбаш болуп бүттүк.

Куру демократия, адам укугу деп кыйкырган сырттан каржыланган ички душмандардын курмандыгы болбогула. Өзүбүздүн ата бабабыздын улуттук баалуулуктары, кыргыздын өзүнүн эркиндиги, демократиясы бар. Хан көтөргөндөгү сый урматы бар. Келгиле жакшы ниет, жарым ырыс деген, ынтымактуу бололу!

Жакшы уюшкандыкта кысым көрсөтүп, аңдышпай, УЮШТУРУУ КОМИТЕТИНЕ, ИНАГУРАЦИЯНЫ ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕ ӨТКӨРҮҮСҮНӨ МҮМКҮНЧҮЛҮК ТҮЗҮП БЕРЕЛИ! 10 миллион сом акчаны Сузактык бир азамат мекенчил бала деле төгүп койду. Колубуз куру эмес, буюрса көп түкүрсө көл болот. Мекенчил балдарыбыз карап турбайт. Дүйнө эли кыргыз элинин эрдигине, чечкиндүүлүгүнө таң калып карап турганда, Ата Журтубуздун аброюн көтөрүү өз колубузда.

Колтугунда котур ташы барлар болуп келген боло берет. Жогоруда ПАЛЬМАГА ЖАРМАШЫП КЕТПЕСЕҢ АСЫНЫП ӨЛӨМ дегендерди бекер мисал келтирген жокмун. Алар дагы деле арабызда. Жаңылангыбыз келсе, тазалангыбыз келсе, эл өз тандаган бийлигинен шексинбешин каалайм. Бир бирибизге ишенип үйрөнөлү жакшыларым. 30 жылда элибиз өз эрки менен, каалаган адамын Президент кылып шайлаганы чындык. Кошуна, чет өлкөлөр "Бул Кыргыздар өлгөнү калыптыр"- деп күлбөйбү? Ичи тардык, көрө албастыкты артка таштагыла!

Эл көргүдөй кылып, шаан, шөкөт менен, салт санаасы менен, көкүрөктү кенен керип туруп, башты бийик көтөрүп, инаугурацияны бийик деңгээлде өткөрүү керек! Садыр Жапаров салтанаттуу инаугурация өткөрүүгө татыктуу!

Сиздерди терең урматтоом менен, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Надира Нарматова

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости