www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аида Касымалиева үрөй учурган окуя боюнча өз пикирин билдирди

Эркек адамдын жашы жете элек баланын зордукталышы боюнча интернетке чыккан видео боюнча Жогорку Кеңештин вице-спикер Аида Касымалиева өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу пикирин билдирди.

Анда ал балдарга, өспүрүмдөргө жана аялдарга карата зомбулук өлкөдө өтө күчөгөнүн айткан. Анын ичинде сексуалдык зомбулук, педофилия көп экенин кошумчалаган.

--"Кечээки үрөй учурган окуя бизде болбоптур, бирок балдарга, өспүрүмдөргө жана аялдарга карата зомбулук өлкөдө өтө күчөгөн. Анын ичинде сексуалдык зомбулук, педофилия көп.

Себептери ар тараптуу. Чечүүчү жолдору да комплекстүү, коом катары биргеликте гана чече алабыз.

Парламентте ушул багытка көп көңүл бургандыгыма байланыштуу бир тыянакты айтып койсом. Кылмышкер тийиштүү жазасын алмайынча, бул маселени биз чече албайбыз. Бул укук коргоо органдары, соттор, биздин "менталитет".

Чечмелеп берсем, зомбулук боюнча ИИМдин статистикасы боюнча 2020-жылы 9 025 иш катталса, анын 944 гана сотко жеткен. Бул иштердин 10 пайызы гана сотко жетет дегенди билдирет. Соттон кандай чечим чыккан, аны да өзүнчө кароо керек. Тосмо арыздар, жабырлануучуга басым, жакшылап каралбай калган иштер, адилетсиз чечимдер. Сен баланы зордуктасан дагы, жаза албайсын же оңой эле кутулуп, чыгып кетесин.

Мыйзам чегинде эле өз жазасын алса, жетиштүү. Эч кандай өлүм жазасынын кереги жок болмок. Эл да ошондо "өзүм соттойм, өлтүрөм" дегенден алыс болот эле.

Өткөн жумада парламентте үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча мыйзам боюнча кылмышкерге чараны дагы катаалдантып бердик. Мыйзам экинчи окууда өттү. Жакынкы аралыкта толук кабыл алынат, президент ага кол коёт дем ишенебиз.

Ага ылайык, жабырлануучунун абалына, ден-соолугуна карап, тосмо арыз (жарашып алуу) ишти кароодо өз таасирин тийгизбейт, эске алынбайт.

Бул боюнча парламенттик көзөмөл уланат",- дейт Касымалиева. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости