www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү астролог Жанар Кадыралиев буга чейин эле 2018-жылы май айында Ташиев тууралуу билдирген. Бул тууралуу маалыматты NazarNews агенттигене билдирди.
-2017-жылы Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин күздө, жазда жылыш болбогонунан “Ташиев Сооронбай Жээнбековдун былыгын чукуп чыгат экен. Чыдамы түгөнүптүр” деген маалыматтар басма сөз каражаттарынан байма-бай чыгып жатты. Өзү да бийликке болгон сынын 2018-жылы апрелде ачык айтып чыкты. Мындан толук бир ай өтүп, 2018-жылдын май айында Ташиевдин бир тууган иниси экөөбүз сүйлөшүп калдык. Биринчи телефон аркылуу сүйлөштүк. Кийин сүйлөшүүбүздү мессенжерден уланттык. «Агаң убара болбосун. Ары-бери чапкылаганы менен Сооронбай Жээнбеков аны бары бир карабайт. 2020-жылга чейин ары-бери чуркабай эле бизнеси менен алек болсун. Бизнеси жакшы эле жүрөт. Бирок, карьерасында жылыш болбойт. 2020-жылы бийлик алмашканда күтүүсүз жерден бийликке келет» дедим. Менин айткандарыма ынаныштыбы айтор, ошондон кийин “Камчыбек Ташиев Сооронбайдын былыгын чукуйт” деген публикациялар чыкпай, тып эле токтоду. Мен айткандай эле 2020-жылы күтүлбөгөн жерден бийликке келип, даражалуу кызматты аркалап калды. Инисине «ну как мои прогнозы, не шуточные да» деп смс жазсам, өзүнүн баа бергендигин билдирди. Азыр Камчыбек Ташиевди бири премьер-министр болот десе, экинчиси болбойт деп коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Премьер-министр болуп калса, менин прогнозум 100 эмес, 200 пайыз туура келген болот.
-Ташиев кандай иштейт? Ичип, жеп элди иренжитип албайбы?
-Ал көп ичип, жей албайт. Анткени, ал туулган сааттагы планеталарды карасак ага каражат жагын көрсөткөн миллион, миллиарддары чеңгелдеп жей турган бурчтар чыккан жок. Планеталык принциптер боюнча деле андай ири каражаттар көрүнбөйт. Мындан Камчыбек Ташиев ири суммаларды кымыра албайт деген тыянак чыгарсак болот. Тагыраагы башка чоңдор жегендей жей албайт. Бирок, көпкө чейин чоң кызматта турат деп айтуудан да алысмын. Анткени, бийликте турган мезгили көп жылдарга созулбайт. Бир, бир жарым жыл гана келген ооматты кармап турушу мүмкүн. Аны Садыр Жапаров 4-5 жыл бийликте алып жүрө албайт.
Булак: NazarNews.kg