www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш дүйнөлүк айыл чарба өндүрүшүн туруксуздаштырууда. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин БРИКС саммитинде айтты.

Ал бул аракеттерди француз ханышасы Мари Антуанеттанын окуясына салыштырган.

Орусия президенти БРИКС+ жыйынына видеобайланыш аркылуу катышууда, эки күндүк саммит 23-июнда башталган жана ага Кытай төрагалык кылууда.

“Менин оюмча, француз ханышасы Мари Антуанетта өз сарайынын терезесинен ачкачылык жарыялап жаткан элди кайдыгер карап: “Эгер булардын наны жок болсо, анда торт жесин”, — деген. Азыр кээ бир Батыш өлкөлөрү айыл чарба продукциясынын дүйнөлүк өндүрүшүн туруксуздаштырып жатат”, — деди Путин.

Ошол эле учурда ал Орусияда жакшы түшүм күтүлүп жатканын жана өлкө дүйнөлүк рынокко 50 миллион тонна дан чыгара аларын белгиледи. Ошондой эле Москва украин данынын экспортуна тоскоолдук кылбай турганын эске салды.

Кошумчалай кетсек, Орусия лидери инфляциянын кескин өсүшү Орусиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясынан эмес, Батыш өлкөлөрүнүн жоопкерсиздигинен улам болуп жатканын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости