www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кудай кыргыздын маңдайына жазган экен, элибиз бир эмес эки революцияны башынан кечирди. Бул бийлик алмашууну элдик революция же мамлекеттик төңкөрүш же болбосо курал менен бийликти басып алуу деп так кесе айтаарыбыз ушул күнгө чейин белгисиз. Ага так аныктама бериле элек. Бишкектин борбордук аянты кызыл канга чыланып, бир нече кыргыз жаранынын жаны жаннатты көздөй кетип, куралдын күчү менен бийлик алмашканга 7-апрель күнү 10 жыл толду. 10 жылда ошол эр азаматтардын “оңолсок, бийлик таза болсо” деген максаты ишке аштыбы? Бул кан төгүү кимге керек болгон? Кимдер кыргыздын канын төктү? Суроо көп. Бирок, орундуу жооп таба албайсың. Азыр бул суроолорго эч кимдин баш ооруткусу да келбейт. Бирок, Кыргызстанда экинчи ирет бийлик мыйзамдуу түрдө алмашпаганын эч ким жокко чыгара албайт.
Революцияны кыргыз эли жасадыбы же Россиябы?
Бүгүн саясий серепчилер, саясатчымын деп жүргөн азаматтар, олуя болуп кеткендер апрель окуясынын негизги себеби катары мурунку президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөөлүк башкарууга өтүп кеткенин, электр энергиясына болгон тарифтин жогорулашын, энергетикалык кризистин пайда болгонун айтып жүрүшөт. Ушул окуяга тийешелүү суроолордун баарына даяр жооп. Бакиев күнөөлүү! Туура, Бакиевдердин күнөөсү бар. Аны эч ким тана албайт. Бирок, алардын күнөөсү канчалык? Муну иликтеген жан болбой жатпайбы. Бакиевдин тушунда энергетикалык каатчылык пайда болгону талашсыз. Электр энергиясына болгон тариф көтөрүлгөн. Мамлекеттик ишканалар сатылганы да чындык. Азыр эмне болуп жатат өлкөдө? “Токтогулдагы сууну сатып жиберди” деп Максимге эмне деген гана сөздөрдү жармаштырбадык эле. Бүгүн Токтогул суу сактагычындагы абал кооптуу абалга жетип калды. Максимден кийин сууну ким сатты? Электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү саясаты туура болгонун Бакиевди сынга алып, апрелде кан төгүүгө шарт түзүп бергендер, бийликке куралдын күчү менен жеткендер далилдеп жатпайбы. Электр энергиясына мурун 70 тыйындан төлөп келсек, кийинки бийлик электр энергиясы тартыш деп атып, казактардан алган электр энергиясын 2 сом 50 тыйындан кыргыз элинин мойнуна илбедиби. Момун кыргыз кыңк дебей төлөп жатат. Мамлекеттик ишканалардын сатылышы Атамбаевдик бийлик учурунда күч алганын ким жокко чыгара алат? Азыр Кыргызстан үч бутунан тушалган аттай болуп, көк бедеге жете албай, чаң басып, тебеленди болгон чөптү топурак аралаштыра тишинин учу менен жулуп алып курсак тойгузуп жатат. Өзүбүз эч нерсе чече албайбыз. Убактылуу президент Отунбаева, андан кийинки президент Атамбаев Батышка барып алып “Биз демократияны орнотобуз” деп кыйкырып жүргөнү курулай эле сөз. Европа өлкөлөрү биздин тагдырды ким чечерин ажобуздан мыкты билет. Россия газ тармагыбызды ит бекер алды. Бажы биримдигине киргенден бери бажы маселеси да Москвадан чечилет. Бакиев сатып жиберди, тарифти көтөрдү деген жөн гана шылтоо болуп берди. Азыр кыргыз элинин талаптарына караганда Россиянын көздөгөнү биринин артынан бири иш жүзүнө ашып келет. 2010-жылдагы бийлик алмашууда Россиянын таасири чоң болгону азыр айтылбаса, мезгили келгенде такталчу нерсе.
Баркы кеткен Баатырлар...
7-апрелде каза болгондордун баары Баатыр эмес. Кыргыздын атактууларынын сөөгү жаткан “Ата-Бейитке” да чыныгы “Баатырлар” коюлган эмес. Анткени, 86 адамдын баарысы тең “Ала-Тоо” аянтында атылган октон каза болбогону белгилүү болуп олтурат. Баатырлардын арасында Бишкек шаарынан сырткары жерде каза болгондор да жок эмес. Муну бийликке келген Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү өздөрүнөн коркуп жаап-жашырышып келген. Аянтта жүргөн кээ бир адамдар спирт ичимдиктерин ичип алгандыгы ошол эле күнү белгилүү болсо да, бийликтегилер ушул кезге чейин мойнуна алгысы жок. Ошол учурда мындай фактыларды айтып чыгуу эле эмес, “Балдарга ичимдик менен кошо бир нерсе ичирип коюшкан эмеспи?” деген суроону берүү кыйын болчу. Мындай суроону берген адам 1937-жылдагы репрессиядагыдай “Эл душманы” деген атка конуп, “баатырлардын” тепкисинде калмак. Ак үй алдында каза болгондорду соттук-медициналык экспертизадан өткөргөндө алардын айрымдарынын канынын составында спирт ичимдигин ичип алгандыгы да аныкталган. Бул фактыны бийлик өкүлдөрүнүн бири да жокко чыгара алышпайт. Анткени, бул медициналык экспертизанын жыйынтыгы. Ошол каргашалуу күнү борбордук аянтта октон каза болгондордун баары эле “тигиндей” болчу деп айткандан алысмын. “Бийлик башына мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын жогору койгон таза адамдар келсе экен. Кыргызстан да экономикалык жактан гүлдөгөн республикалардын катарына кошулса” деген максат менен келген жаштар бар болчу. Алар мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн каза болуп кете беришти. Муну эч кимибиз жокко чыгара албайбыз. Бирок, алардын таттуу ой-тилектерин бийликке жетип алгандар жокко чыгарып жатпайбы. Ошол күнкү болгон чындыкты бурмалабай факты менен беришкенде чыныгы баатырлар кимдер экени белгилүү болмок. Алар жоопкерчиликтен качышып, баарын “бийликтин огунан каза болду” деген жалган, такталбаган, такталса дагы чындыкты бурмалаган маалыматтарды ушул күнгө чейин уялбай-этпей айтып жүрүшпөйбү. Каза болгондордун баары “Бийликтин огунан каза болушту” деген сөз жалган, жалган, дагы бир жолу жалган. 86 баланын баарысы тең атылган октон каза болгон эмес . Ата-Бейитке сөөгү коюлгандардын арасынан эле төртөөсү башка куралдар менен каза болгондор. Өмүралиев Эрланбек баш сөөк-мээ травмасынын натыйжасында мээси жабыркаганынан, Ашыров Кудруталы колдо жасалган ок атуучу куралдан, Табалдиев Нурсултанга ок тийген эмес, башына арматура тийген, Кадыралиев Мирлан “Таатан-Секюрити” күзөт бюросунун бытыра огунан өлгөн. Буларды кантип Баатырлар деп айтабыз? Токмокто каза болгон адамдар да Ала-Тоо аянтында каза болгондордун катарына кошулган. Ошол адамдар менен Баатыр деп ким сыймыктана алат?
Аянтта канча адам каза болгон? Бейкүнөө өлүмгө ким жоопкер?
10 жыл убакыт өтсө да 7-апрель күнү борбордук аянтта канча адам каза болгонун эч ким тактай албады. Ар кандай цифралар айтылып келет. 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ИИМ министри, Башкы прокурор болгон Кубатбек Байболов “Майдан” гезитине апрель окуясы тууралуу: “Мына, айыпталып жаткандардын адвокаты, белгилүү юрист Чолпон Жакупова “Аянтта каза болгондордун саны жыйырма” деп жакында маек берди. Менин маалыматым боюнча 17 киши. Жарадар болуп ооруканада каза болгондор да бар чыгаар, бирок 87 киши эмес да. Сарайынан кулап кетип, дүкөн жанынан жана башка жерлерден жаракат алып келип каза болгондор бар. Алардын “герой” болуп, мамлекеттин акчасын алып калууга кылган далалатын түшүнсө болот. Жабыр тарткан, муктаждыктан кыйналып турган адамдардын психологиясы башка болот экен. Бирок, ошол демилгеге, алардын барымталап, мамлекетти жанагинтип муунтуп шантаж кылып жаткандыгына моюн сунуп, билип туруп аларга акча берип, буларды баатыр кылып, мамлекеттин кызыкчылыгына көз жумуп, жол ачып бергендердин жоопкерчилиги азыр эч жерде айтылбай жатпайбы? Буга ким жооп берет? Ошол кездеги окуяга тийешеси жок, ошол жерде болгон кагылышууга эч кандай тийешеси жок, дүкөн тоногондор деле келип баатыр болуп аткандыгы азыр массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылып атпайбы? Буга чейин унчукпай келишкен, баары бир чындык деген кыйын нерсе да, жыл өткөн сайын ошол жерде болгон окуянын али күнгө чейин айтылбай келген аки-чүкүлөрү албетте айтылат...” деп маек берет. Бул апрель окуясы тууралуу козголгон кылмыш иши менен тааныштыгы бар, аны кайсыл бир мөөнөт болсо да көзөмөлдөгөн кишинин пикири. Көчөдөгү адамдын оозунан чыккан сөз эмес. 17 же 20 болобу аянтта өлүм болуп, кан төгүлдү. Бул үчүн күнөөлүүлөр сөзсүз мыйзамдуу түрдө жазасын алышы керек. Эми калган адамдардын бейкүнөө өлүмү үчүн жоопкерчиликти ким алат? Бийлик кимдин колуна өтүп, жоопкерчиликти ким алган? Ушул суроолорго жооп издеп көрөлү. Ошол учурда президенттин мамлекеттик кеңешчиси болуп турган, апрель окуясы боюнча сот жообуна тартылгандардын бири Эльмурза Сатыбалдиевдин “Жаңы Ордо” гезитине 2012-жылы берген маегинен ток этер жерине токтололу:
“— Ошол учурда оппозициянын мүчөлөрү камактан чыккан беле?
— Ооба, бардыгы бошонуп чыгышкан болчу. Кечки 19.00дө сүйлөшүүлөрдү кайра улантмак болдук. Данияр Токтогулович Президентке кирди. Эмне сөз болгонун билбейм. 19.00дө оппозиция лидерлери менен Үсөновдун кабинетинде жолуктук. Үчүнчү жолугушууда Данияр Токтогулович арызын жазып берди. Алар 21.00дө кайра келишмек болушту.
— Оппозиция менен болгон кийинки жолугушууда кандай маселелер коюлду?
— Ак үйдү өткөрүп берүү жөнүндө гана сөз жүрдү. Данияр Токтогулович, аскер кызматкерлерин аман-эсен алып чыгып кетүү керектигин айтты. Темир Сариев менен Роза Отунбаева бул сунушту макул көрүштү. Ошондо Мурат Суталинов, "Роза Исаковна, биз барып кызматты тапшыралыбы, же камакка отуралыбы?" деп түз суроо бергенде, Отунбаева, "Эч кандай саясый куугунтук болбойт. Сизди Дүйшөбаев күтүп атат. Барып жумушуңузду тапшырыңыз. Мен сизди Ак үйдөн элге тийгизбей чыгарып кетемин" деп Суталиновду алып чыгып кетти. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда, Башкы прокурор Турсункуловго, "Сиз иштей албайсыз. Орун басарыңызды чакырыңыз" дешти оппозициянын өкүлдөрү. Бирок, Данияр Токтогулович, Башкы прокурор Нурлан Турсункуловду Ак үйдөн элге тийгизбей алып чыгып кетүүнү Темир Сариевден суранды. Анан дагы Үсөнов Ак үйдү коргоп турган аскер кызматкерлерине элдин колу тийбей тургандай кылып, алып чыгып кетүү керек экенин айтты.
Ага дагы макул болушту. Бирок, ИИМдин Академиясынын курсанттарын калтырууну туура көрүштү. Себеби, талап-тоноо болуп кетиши мүмкүн деген чечимге келишти. Аңгычаң башкы прокурордун орун басары келип калды. Мен болсо мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын штабынын башчысы Дунгановду алып келип, Сариев менен тааныштырдым. Данияр Дунганов аскер кызматкерлерин алып чыгып кетүүнүн камын көрүү үчүн сыртка чыгып кетти. Темир Аргенбаевич өзүнүн күзөт кызматындагы балдары менен Турсункуловду чыгарып кетишти. Сүйлөшүүлөр жүрүп бүткөндөн кийин, Данияр Токтогулович, оппозиция өкүлдөрүн Ак үйдүн ичиндеги Президент орун алган секция тарапка өтпөөнү суранды. Өкмөт отурган кабинеттерди бошотуп бермек болду. Үсөновдун кабинетинде Темир Сариев жалгыз калган. Ошентип, мурунку бийликтен Ак үйдө Данияр Үсөнов экөөбүз гана калдык. Ошондо түнкү саат 12ден өтүп калган болчу. Анан Үсөнов экөөбүз Ак үйдөн чыгып кеттик...”
Эльмурза Сатыбалдиевдин айтканына таянсак, 2010-жылдын 7-апрелинде кечинде бийлик оппозициянын колуна өткөн экен. Президент Ак үйдөн чыгып кетсе, оппозициянын талабын орундаткан Өкмөт башчысы Данияр Үсөнов кызматтан кеткен арызын жазып, керек болсо кабинетин бошотуп бериптир. Оппозициянын башчылары түштөн кийин эле абактан чыгарылганын айтып жатат. Эми суроо жаралууда: Анда эмне үчүн оппозициянын башчылары Ала-Тоо аянтындагы элди токтотуп калган жок? Баса, алар оппозицияны колдоп аянтка чыгышпады беле. Бийлик оппозициянын колуна өтүп жаткан соң, элге чыгып абалды түшүндүрүп, Ак үйдү талкалатпай сактап калууга болор эле да. Демек, Ак үй Убактылуу бийлик келгенден кийин талкаланып жатпайбы. Бул бир. Экинчиден, аскер кызматкерлерин алып чыгып кетүү тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, ал милдетти оппозиция өз мойнуна алган экен. Аскер кызматкерлери Ак үйдөн чыгып кетсе, анда калган 70тен ашык каза болгон жарандарды ким атты? Эмне үчүн Убактылуу бийлик мына ушунун баарын иликтеп, анан «Апрель баатырларын» аныктаган жок? Соттук-медициналык экспертизада спирт ичимдиктерин ичкендер, башына темир менен чабылгандар бар экени тастыкталганына карабастан, «Ак үйдөн ок атылды» деген шылтоо менен эмне үчүн аларды жерге берүүгө шашылышты? Журналисттик иликтөө жүргүзүп, өлдү деген жарандардын тизмесинде жүргөн, үй-бүлөөсүнө миллион сом берген Маралбек Максымбековдун тирүү жүргөнүн, Екатеринбург шаарында күн кечирип атканын, өз көзүм менен көрүп, андан маек алып, видео тасмага түшүрүп, бүтүндөй кыргыз журтчулугуна жарыялаганымда деле азаматтардын каны менен бийликке жеткендер үн каткан эмес. Максымбековдун тирүү экенин депутат Алтынбек Сулайманов парламентте көтөрүп чыккан. Анын тирүү экенин далилдеп, Екатеринбургдан бетме-бет олтуруп маек алып, аны тартып келген видеом парламентте депутаттарга көрсөтүлгөн. Андан кийин мындай шалаакылыкка кимдер жол берсе, алар тууралуу эч ким үн катпаган. Тирүү жүргөн адамды өлүктөрдүн, “Баатырлардын” катарына ким кошконуна деле кызыгышпаган. Ушул көрүнүш, 7-апрелде өлгөндөрдүн санын көбөйтүү бирөөлөр үчүн аба-суудай эле керек болгону так көрүнөт.
Снайперлер аткан деген тыянак чыгарганын эч ким унутпаса керек. Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылы “Биз 7 снайперди камадык” деп элдин алдында микрофон менен айткан (Азыркы Өкмөт үйүнүн жанында). Кана ошол элди аткан снайперлер? Караанын көрсөтүшө албады, бай болгурлар. Соттук териштирүүдө “Альфанын” балдарынын куралдарынан ок чыкпаганы далилденген. Демек, элди ким аткан? Аркасынан ок тийгендер бар деп айтылат. Ошондойлор болгон болсо, Ак үй тараптан атылган ок айланып келип, аркасынан тийгенби окко кабылган адамдарга? Апрель окуясынын чыныгы жүзүн ачуу Убактылуу бийликтин биринчи милдети болчу. Аны да аткара алышкан жок. “Форумга” барган атайын кызматтын курал-жарагына кол салгандар, тартып алып, Ак үйдү көздөй курал менен чу койгондор, ошол куралдан ок чыгарып жаткандар да жазага тартылышы керек болчу. Эмне үчүн аларды сураган жан болбоду? Куралы бар унааны атайын кызматтын балдары эмнеге таштай качкан? Бул аларга берилген тапшырма болгон эмеспи? Бул суроолорго жооп неге изделбеген?
Текебаев, Атамбаев, Отунбаеванын караанын эч ким көргөн эмес...
Бийлик алмашкандан кийин мамлекеттеги бийликти реалдуу түрдө колго алган Текебаев менен Атамбаевдин топтору болгону талашсыз. Бирок, ок атылып, адамдар каза болуп жатканда эки лидердин карааны борбордук аянттан көрүнгөн эмес. Ал тургай ошол кезде алар менен пикирлеш, санаалаш болгон, 7-апрелде элдин арасында жүргөн Токтайым Үмөталиева да жолуктурган эмес. 7-апрелди Токтайым Үмөталиева “ Түшкү саат он экиден өтүп калган кезде мен Жороевге телефон чалдым. Ага аянтта элдер толуп кетти. Оппозициянын лидерлерин бошоткула. Элдин колунда курал бар деп айттым. Ал мага "Азыр эле Атамбаев менен Текебаев бошотулду. Атамбаевдин ден соолугу начар болуп жаткан экен, ал киши үйүнө кетиптир. Текебаев аянтты көздөй кетти" деп айтты. Текебаев ок атылып жаткан аянтка келген жок. Тарых музейинин жанынан көз салып коюп, кайра кетип калыптыр. Ал эми Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаевдер саат он бирлерде эле бошотулган экен. Аларга эч кандай кысым да көрсөтүлбөгөн. Он бирде бошогон лидерлер да элдин алдына чыгып, кан төгүүнү токтоткон жок. Саат төрттөрдө мен ак желекти көтөрүп Ак үйгө кирдим. Негизги максат эле ок атууну токтотуу болчу. Балдар күтүп турушкан экен, дароо киргизди. "Эже, адамдар өлүп жатат деп айтышууда. Чын эле адамдар өлдүбү?" деп сурашты. Мен чындыгын айтсам, "Андай болушу мүмкүн эмес" деп таң калышты. "Суу ичиңиз" дешип суу беришти. Үстүңкү кабаттан Иса Өмүркулов менен Темир Сариев шашылып түшүп келатышкан экен. Мен "Темир, Темир эмне болду? Ок атуу токтойбу?" деп алдынан ыйлап чыктым. Сариев "Ок атылбайт. Сүйлөштүк" деди да шашкан бойдон күн батыш тарабы менен чыгып кетишти. Роза Отунбаева эжекебиздин атын саат сегиздерде Ак үйгө кирип жатабыз дегенде уктум. Аны да Темир Сариев менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айткан” деп эскерет.
Ден-соолугу начар болуп, үйүнө кеткен Атамбаев тууралуу Өмүрбек Суваналиев:
“7-апрель күнү тополоң болуп жатканда Алмаздын үйүнө Өмүрбек Бабанов, Мелис Турганбаев үчөөбүз барганбыз. Ошондо “Эшикте эл өлүп жатат. Биз жардам берели. Турганбаевди Бишкек УВДга начальник кылгыла. 2005-жылы биз мародерчулукту токтотуп, элдин коопсуздугун сактаганбыз. Бизде тажрыйба бар” десем болбой койгон. Мага “ИИМ же КГБга бар” деген. Сен эмне президент болуп калдыңбы? Эшикте эл кырылып жатса, үйгө жатып албай сыртка чыкпайсыңбы!- деп катуу жиним менен айткам. “Жок. Мен азыр тамактанып, душка түшүп, саат 12де Убактылуу Өкмөт жыйын өткөзөт. Ошого барам” деген” деп айтып келет. Убактылуу Өкмөттү башкарып калган Роза Отунбаеванын карааны эмес, аты да кечки тогузга чейин угулган эмес.
Аянтта автомат атылса, Көк үйдө кызмат бөлүнгөн
Бүгүнкү бийлик талаш 2010-жылдагы кандуу апрель окуясы учурунда башталган оюндун уландысы десек туура болот болуш керек. Убактылуу бийликке келгендер аянтта автоматтын тарсылдаган үнү тынчый электе, азыркы Өкмөт үйүндө чогулуш өткөрүп кызмат бөлүштүрүү менен алектенген. Бул сөз куру болбошу үчүн ошол учурду көргөн Аликбек Жекшенкуловдун айтканын мисал келтирейин:
“7-апрель күнү мен ооруканада болчум. Жардамчым ийини кан болуп кирип келди. Көрсө, ал жарадар болгон баланы ооруканага жеткизген экен. Аянтта эл кырылып жатат деди. Ал келгенде мен капельницада жаткан болчум. Ооруканада жата албадым. Дароо эле кийинип, аянтты көздөй жөнөдүм. Аянт ызы-чуу болуп, ок атылып, кан төгүлүп жаткан экен. Менин көзүмчө бир баланы башка атты эле, анын мээси чачырап кетти. Элди токтотууга аракет жасап, сүйлөсөм угулбады. Микрофон жок эле. Көпчүлүктү башкарган жан жок. Кечки саат беш болчу. Лидерлердин эч кимиси көрүнбөдү. Эски Ак үйдө отурушат деп айтышты. Ал жакта мурунку бийликте жүргөндөр да кызмат алуу үчүн айланчыктап жүрүшүптүр. Кызмат бөлүштүрүүнү көргөндөн кийин менде кандайдыр бир жийиркеничтүү сезим пайда болду. Мени КТР менен ЭлТР чакырып калды. Ал жактан кыргыз элине кайрылуу жасадым. Кайра келсем, эл "Бакиев качты" деп жаткан экен.” Бул айтылган сөз революция же куралдуу төңкөрүш жасагысы келгендер кызматка жетсем деген гана тилекте болгондугун тастыктагансыйт.
10 жыл өттү, көздөгөн максаттын кайсынысы аткарылды?
Бийлик алмашуунун негизги максаты - бийлик элге иштесин, бир адамдын башкаруусу токтосо деген максат болчу. 10 жыл аралыгында ушул максат орундалдыбы? Ким айта алат, жыргап жашап жатабыз деп? Бир адамдын башкаруусу мындай турсун, бүгүн бүтүндөй бир жамааттын башкаруусунда жашап жатабыз го. Коррупция күч алды деп кыйкырганбыз. “Бакиев казынадан колуңду тарт!” деген ураандар пайда болгон. Андан кийин эмне болду? Кычкачты 600 долларга алган күнгө туш болгонубузду ким тана алат? Коррупция 7-апрелде Көк үйдө кызмат бөлүнгөн убакта эле убактылууларды арбап алган. Андан бери бийликтегилер коррупциядан арыла элек. Тескерисинче, бүтүндөй иш күнү коррупциялык схема менен коштолуп, жада калса кечкисин ошол тууралуу түш көрүшкөнбөй башкарууну өлкөгө таңуулашты.
2010-жылдагы кандуу апрель, инюь окуяларынан кийин бирден бир жетишкендигибиз ачык айтыш керек, өлкөдөгү стабилдүүлүк сакталып калганы болду. Бул Убактылуу Өкмөттүн ишбилгилигинин эмес, кыргыз элинин акылмандуулугунан. Калган мактанарлык жылыш болгон жок. Коррупция азайгандын ордуна күч алды. Бийлик орундары ачык эле сатыкка чыкты. Экономика эңшерилип, жардын башында салаңдап илинип турат. 2005-жылы болгон бийлик алмашуудан кийин 3 жылда экономикада чоң секирик болгон. 2008-жылга чейин ички дүң продукция 2 эсе көтөрүлсө, ички карыз 2 эсе азайган. ИДП 2008-жылы 187 млрд сомго жеткен. Бюджет 2004-жылы 18 млрд сом эле, 2008-жылы 46 млрд сомго көтөрүлгөн. 3 жыл аралыгында тышьан такыр карыз алынган эмес. Муну ошол кезде премьер-министр болуп иштеген Атамбаев деле жокко чыгара албайт. Бакиев, Кулов андан кийин Атамбаев Өкмөт башчысы болгондо, бирөөсү да башка жактан карызга акча берип турчу деп бир тыйын сурабаган. Сырттан келген түз инвестициянын көлөмү 2008-жылы 866 млн долларга жеткен. 2010-жылдагы окуядан кийин 10 жыл болду, бюджет көтөрүлгөн жок. Көтөрүүнүн ордуна жыл сайын тешигин сырттан келген акчалар менен жамап-жумап келе жатабыз. Президенттер өздөрү чет жактан акча сураганга аргасыз болууда. Өлкөнүн азыркыдай абалга кептелишине да кимдир бирөө жоопкер болушу керек эле. Буга да эч ким жооп берген жок. Экинчи жолу болгон бийлик алмашуу мамлекетте башкаруунун формасын такыр жокко чыгарып, башаламан башкаруунун өкүм сүрүшүнө жол ачып берди. Кайсыл бийлик бутагы жоопкерчиликти алаары белгисиз. Конституция боюнча Кыргызстан парламенттик же президенттик башкарууну тандаган өлкө экенин ажыратууга мүмкүн эмес. Талтайып турган абалда.
Наралы Асанбаев, Жаңы Ордо гезитинин журналисти
Булак: NazarNews.kg