www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абаддагы ооруканаларда 9 бала дарыланып жатканы, бардыгынын абалы туруктуу экени кошумчаланды.
Сузакта Porter сүзүп кеткен окуучулардын бирине Бишкекте операция жасалып, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 9 жаштагы кыздын баш сөөгү сынып кеткен.
"Кызга операция ийгиликтүү жасалып, азыр абалы туруктуу. Башка жабыркагандардын баары дарыланып, компьютердик томографиядан, айрымдары лабораториялык изилдөөлөрдөн өттү. Кээ бирине көрсөтмөгө жараша операция жасалат", — деп жазылат кабарда.
Жалал-Абаддагы ооруканаларда 9 бала дарыланып жатканы, бардыгынын абалы туруктуу экени кошумчаланды. Биринин абалы жакшырып, үйүнө чыгарылган.
Эске сала кетсек, 2-май күнү саат 14:00дөр чамасында Катма жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды Porter унаасы жылып кетип, сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркаган. Кечээ, 3-майда, алардын айрымдары Бишкекке алып келинген.
48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айткан.
Булак: NazarNews.kg