www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин мушкерлердин көз караштар таймашы өткөн.
Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиевдин жарым оор салмактагы "Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону" наамы үчүн беттеши жыл аягына жылдырылды. Бул тууралуу Сауд Арабиянын көңүл ачуу иштери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Турки Аль аш-Шейх билдиргенин "Известия" жазды.
Белгилей кетсек, Бивол Кыргызстанда туулган. Буга чейин көз караштар таймашы өткөн.
"Бетербиевдин жаракаты тууралуу кабардан кийин 1-июнга белгиленген Бивол менен беттешин ушул жылдын аягына жылдырабыз. Артур инимдин тез сакайып кетишин каалайм", — деп жазган Турки.
Маалым болгондой, эми Бетербиевдин тизесине операция жасалат.
Бетербиев 20 беттеште 20 нокаут жасап жеңген. Ал эми Бивол 22 жолу жеңишке жеткен, анын 11ин нокаут менен уткан. Эки мушкер тең бир да жолу жеңилген эмес.
Булак: NazarNews.kg