www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Боррель: АКШ гегемон статусун жоготту

Боррель дүйнө азыр Кытайдын өнүгүп супердержавага айланып баратканына күбө болуп жатканын белгилеген.

 Европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррелль согуштан кийин түзүлгөн эл аралык системанын доору бүткөнүн жана Америка өзүнүн гегемон статусун жоготконун билдиргенин РИА Новости жазды.

"Согуштан кийинки биз жашаган эл аралык системанын доору бүттү. АКШ гегемон статусунан кол жууп, 1945-жылдан кийин түзүлгөн дүйнөлүк тартип позициясын жоготууда. Биз азыр Кытай өнүгүп, анын супердержавага айланып баратканына күбө болуудабыз", — деген ал.

Боррель бул анча жакшы эмес көрүнүш экенин кошумчалаган.

"Мунун фонунда Евробиримдик менен Улуу Британиянын ролун аныктоо керек... Бирок бул алдыдагы коркунучтарга кандай жооп кайтарарыбыздан көз каранды... Европа жоголушу ыктымал деген эскертүүлөрдү угуп жатабыз, андыктан бул өтө маанилүү", — деген Боррель.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости