www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөрдү" мамлекетке кайтаруу демилгесин көтөрүп жүргөн жарандык активист Наристе Калчаев муну "Центерранын" мурунку милдеттемесин кыргыз тарапка оодаруу аракети катары баалады.

--"Кумтөр Голд" ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенге чейин Caterpillar компаниясынан буюртма берилип калган запастык бөлүктөрдү кайра артка кайтарууну талап кылып жатышат. "Центерра Голд" анын акчасын бербейбиз деген мааниде доо берип жатат. Анын акчасы негизинен ар бир квартал сайын бөлүп төлөнүп келген. Тетиктерге кетчү чыгымдар мына ошондой жол менен эсептелип турганы бизге белгилүү.

Азыр эми башкарууну кыргыз тарап өзүнө алган соң "Центерра Голд" жоопкерчиликти албайбыз деп жатат. Бул күтүлгөн эле нерсе. Бирок анын финансалык милдеттемеден баш тартканы кийин соттук териштирүүдөн анын өзүнүн каршы колдонулушу мүмкүн. Анткени ага өз учурунда милдеттемелерин аткарбай койгон деген дооматтар да коюлат. Азыр бул компания ушунтип айла-амал издеп жаткан учуру", -  дейт ал. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости