www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет элдиктерге паспорт берүү иши боюнча кылмыштарды тергөө аягына чыкты. Көптөн бери камактан таскактап качып шапар тээп жүргөн Сапар Исаковго Интерпол аркылуу мамлекеттер аралык издөө жарыяланды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип жатканы туурасында Тайырбек Сарпашевге, Бусурманкул Табалдиевге, Фарид Ниязовго, Алмазбек Атамбевге, Сапар Исаковго, Д.Сатыбалдиевге, М. Пратовага, Э. Апиловго. Г. Бердигуловага билдирме жөнөтүлгөн.

Камалып жаткан Алмазбек Атамбаевге Кылмыш Кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен кылмышка шектелип жатканы тууралуу билдирүү берилген.

Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматы Орхан Инандыга жана Түркиянын 10 жаранына мыйзамсыз паспорт берүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин тергеп ушундай тыянакка келишти. Сотко чейинки өндүрүш 320 (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 319-беренелери (“Коррупция”) менен жүргүзүлгөн.

Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн документтер жасалмаланып, бардык бланктар мыйзамды одоно бузуу менен толтурулган. Кыргызстандан башка аймакта жүргөн Түркиянын үч жараны жадагалса өлкөнүн чек арасына кирген да эмес, жетөө КРге келип паспортторун алып кайра чыгып кеткен.

10 түрк жараны андан мурда Түркияда террордук уюм катары таанылган FETO гүлендик кыймылынын мүчөлөрүнүн тизмесине киргизилген. Өлкөнүн жогорку кызмат адамдары документтерге кол коюп, аларга Кыргызстандын жарандыгын берүү процессин тездетүү боюнча мыйзамсыз көрсөтмө берген.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости