www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ала-Тоо айымдары" коомдук экологиялык кыймылынын жамааты президент Садыр Жапаровго жана Жогорку сотунун төрайымы Н.Бакировага Кайрылуу жолдошту.

"Биз "Ала-Тоо айымдары" коомдук экологиялык кыймылынын жамааты, сиздерге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө: элдик генерал Асанов Курсан Сатаровичке койулган айыптар жана 50чү коллонияга камалышы бул өтө оор жаза деп эсептейбиз.

Себеби генералдын 35-жыл өзгөчө эмгектерин баалоо менен мындай оор жазага татыксыз.

Асанов Курсан Сатарович, эгемендүү мамлекет болгондугуна 30-жыл толгон болсо, ушул жылдары катардагы жоокерлерден баштап, мамлекетибиздин бүтүмдүүлүгүнө жана элдин тынчтыгына чоң салым кошуп келген, элдик баатыр.

Ал кан күйгөн согуштарда, саясий ар түрдүү кырдаалдарда жана революция учурунда, чек ара, тоо кен байлыктары, улуттар арасында ызы чуу чыккан кезде, ар дайым элдин жана мамлекеттин тынчтыгын сактап, тартип орнотуп келген.

Буга мисал: 1990-2010-жылдагы улуттар арасындагы келишпестик, 1994-1995-1996-жылдардагы Баткен жана Карамык окуялары, 2002-жылдагы Аксы окуясы, 2005-2010-2020-жылдардагы революция, Тогуз-Тородогу Макмалдагы алтын комбинатындагы жана Жер үй кениндеги ызы чуу жана Кой-Таш окуялары, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас облустарындагы чек ара маселеринде, элдик генерал Асанов тикесинен тик туруп, күнү-түнү эл менен болуп, ал маселелерди чечүүгө абдан чоң эмгектерди жасап келген.

Ал гана эмес былтыркы 2020-жылы 5-октябрь айындагы революция учурунда борбор каалабыздын жана мамлекеттин тынчтыгын орнотуп, тартип орнотуп, баш аламандыкка жол бербей, талап тоноого жана хауска жол бербей, мамлекеттин жана элдин тынчтыгын сактап берди жана азыркы бийликтин орноосуна салым кошуп келди.

Эмнегедир 5-октябрдан кийин элдик генерал Асановго карата тескери көз караштар болуп 2 жума УКМКнын түрмөсүндө, жалган айыптар коюлуп олтуруп чыкты.

Андан кийин Кыргызстандагы болуп өткөн президенттик шайлоодо, баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй ар бир жаран, президенттик шайлоого укугу бар дегендей, элдик генерал Асанов Курсан Сатарович, КР президентик шайлоого башка талапкерлердей эле шайлоого катышты. Анда да жалган жалаа менен 2 айдан ашуун УКМКнын түрмөсүндө олтуруп чыкты.

Эми жакында боло турган КР ЖКнин шайлоосуна эл катары барайын деп Ата-Мекен партиясынан барсамбы деген ой менен сүйлөшүү жүрүп, чечимин кабыл ала элек кезде, элдин үрөйүн учурган куру жалаа менен кармалып, 50чү колонияга оор кылмыш жасагандардын түрмөсүнө камалганы бул туура эмес.

КР маданиятка белгилүү болгон инсандардын башын айлантырып, так маалыматы жок, азыркы күнү катым президентик аппараттан бурмаланып кетиптир деген КТРКдагы журналист Сонун Кадырова эмнеге жоопко тартылбайт?

Сонунбүбү Кадырова бир кыргыз элинин баатыры, элдик генерал Асановдун өмүрү жана кээ бир саясатчылардын жашоосу ойунчукпу?

Кат бурмаланып калыптыр деп айтканы жана катка кол койбогондор Кыргыз элине атын кашкасындай таанымал, КР эл акыны жана КР эл артисти, эстрада жылдыздарын элибиздин алдында уят кылгандыгы, бул кылмыш.

Мындай жалган ушак менен элдин кыжырын келтирип, мамлекеттин тынчтыгын бузуп, адам өмүрүнө коркунуч келтирген жана ал кайрылуусун ММКларга такталбаган маалыматты жөнөтүп, тынч олтуруп, кайрадан өзүн актап коюу, бул кылмыш!

Ошол себептен Сонунбүбү Кадырова кантип элибиздин алдында актанбасын, мыйзам алдында жооп берүүсү керек!

Бул боюнча кылмыш иши козголгон болсо жана бир канча саясатчылар сурак берип, ошолордун катарында элдик генерал Асановдун да үстүнөн кылмыш иши козголгон болсо, анда жалган жалаа жапканы, туура эмес маалымат тараткан Сонунбүбү Кадырова мыйзам алдында жооп бербей жүрөт. Биз сиздерден кайрылып кетээр элек, тез арада Сонунбүбү Кадырова мыйзам алдында жоопко тартылсын.

Ошондой эле мамлекетти диверсиялык жол менен басып алууга, аракет жасашкан топтор деп, ИИМ тарабынан, Бишкек УВДнын тергөөчүсү кылмыш ишин козгоп элдик генерал Асановдун фейк аудио үндөрдү таратып, жалган жалаа жабып, анысы аз келгенсип Алмаз Сарыбаевди коркутуп, Асановго каршы көргөзмө бересиң дегени өзү кылмыш, мунун баары шайлоонун айынан биздин элдин балдарынын эмгеги бир күндө жокко чыгып, саясий аренадан алынса мейли, өмүрлөрүн коркунуч туудурганы бул туура эмес?

Биз сиз келгенде кубануу менен кабыл алганбыз, себеби сиз өз сөзүңүдө ар дайым мен саясий куугунтукту башымдан өткөрдүм, жоон терим менен сездим, эми акыйкат, чындык жана адилеттүүлүк үчүн иштеп беремин деп келесиз. Андай болсо элдик генерал Асановго болгон кысымды токтотуп, акыйкатыкты карап, адилеттүү чечим чыгарып, 50-колониядан үй камагына чыгарып, Асанов Курсан Сатаровичтин жана Алмаз Сарыбаевдердин тагдырын чечип бериңиздер!

Ошондой эле соттордо адилеттүүлүк орносо анда соттордун да жасаган жумуштарын көзөмөлгө алып бериңиздер.

ЖКнын депутаттарын эл шайлаган болсок анда сиздер да элдик генерал Асанов мурда сиздердин коллегаңыздар болгонун эске алып, комиссия түзүп ага бизге окшогон коомдук уюмдарды жана активисттер менен биргеликте, тергөөнү жана соттук отурумдун көзөмөлгө алып, акыйкатыкты чечип берүүңүздү суранабыз!

Элдик баатыр Асанов Курсанды деле бизге окшогон эне төрөп, тарбия берип, ушундай эр азамат болуп, элим жерим мекенимди коргоп, элдик генерал наамына ээ болуп олтурат.

Энелер ар дайым балдарыбызды, мекенди коргоо жана элди сакта деп келебиз!

Буга тарых күбө.

Ошондуктан биз "Ала-Тоо айымдары" коомдук экологиялык кыймылы, энелердин атынан сиздерге кайрылуу жасап жатабыз.

Сиздер да мекеним, элим жана жерим деген патриот, улан кыздарсыздар.

Элдик генералды антип жалган ушактарга жана жалган фейк аудиолор менен шайлоонун шайтан оюндары менен кээ бир ичи тарлардын, көрө албастыгы менен камоо бул туура эмес.

Андан көрө мекенибиздин тынчтыгы үчүн, элдин келечеги үчүн, элдик генерал Асановго болгон кысымды токтотуп, ошондой эле Алмаз Сарыбаевдин чындыгын угуп, үй камагына чыгарып берүүңүздү жана актап берүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Жалган каттарды жазып анан бурмаланып кетиптир деген Сонунбүбү Кадырованы жоопко тартып берүүңүздөрдү суранабыз", - деп айтылат кайрылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости