www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Насыр Мусаевди калкалаган кимдер?

Былтыр апрель айында ант берген "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Насыр Мусаевдин ишке чыкпаганын 10 айдан ашып, сессия жыйындарына бир да жолу келген эмес. Майыптык араба менен келип, эжелеп ант берип кеткенден бери ЖКга басып келген жок. Албетте, кыргыз коомчулугу гумандуулукту баарынан бийик коюп, ар кандай кырдаалга туура баа бергенге аракет кылат эмеспи.

Бирок, Насыр Мусаев мыйзамды сыйласа болмок. "ЖКнын Регламентине ылайык, депутат 30 күндөн ашык сессия жыйналыштарына катышпаса, мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси каралат. Эгерде ден соолугу иштегенге мүмкүнчүлүк бербесе, КРнын Өкмөтүнүн Жобосуна ылайык, (2011-ж., 11-ноябрь, №727) медико-социалдык комиссиядан өтүүсү кажет. Аталган комиссия ишке жарамдуу же жарамсыз деп тыянак чыгарып берет" - деп мыйзамда ачык, так жазылып турат.

Акыркы 6 айдан бери Насыр Мусаев аталган комиссияга кайрылган эмес жана мамлекет эсебинен айлык алып келет. Бирок, ал айлыкка деле муктаж эмес, акчасы сапырылган ири бизнесмендердин бири. "Жетиген", "Ним компани" фирмаларынын негиздөөчүсү.

Карапайым бирөө болгондо эчак эле эшиктен чыгарып коюшмак. Акчалуу неменин ЖКдагы колдоочусу да, коргоочусу да күчтүү белем, Насыр Мусаевдин козголоор түрү жок.

Булак: "Фабула"

Последние новости