www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чолпон-Ата шаарында чоң трассанын боюнда жайгашкан илгерки базар кайрадан ачылганы жатыптыр. Бул тууралуу бизге, жергиликтүү тургундар билдиришти. Тактап айтканда ал базарды мындан бир нече жыл мурда, трассадагы тыгынды пайда кылып, эс алуучуларга жолтоо болуп, коопсуздук жагынан коркунуч келтирип жаткандыктан жабууга туура келген. Анын үстүнө базардын көлөмү да өтө кичине, тар. Шаардын сыртында жаңы базар ачылып, ишке киргизилген.
Бирок, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин Данияр жана Руслан деген депутаттары, Камчы Көлбаевдин ишенимдүү адамы Андрейге таянып алып, эски базарды кайрадан ишке киргизүүнү көздөп жатышыптыр. Атайын токтом менен жабылган базарды ишке киргизүүгө белсенип, шаар тургундарынын тынчын алып жаткан шаардык кеңештин депутаттарына жол болсун. Элдин атынан баргандан кийин, эл үчүн иштеп беришпейби, же өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн, бизнес жасаш үчүн барышканбы?!
Шаар мэри Талант Сарбагышев эмнени карап отурат? Райондун акими Данир мырзанын сөзү өтпөй калганбы? Же бул экөөнүн сөзү Андрейге өтпөй калганбы?
Булак: "Ачык саясат"