www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр эле КТРКнын башкы директорлугуна койгон талапкерлер менен кошо өтүп жаткан жыйында Илим Карыпбеков келип, суроолорго жооп берип, аягында КТРКнын башкы директорлугуна койгон талапкерлигин алып салгандыгын билдирди.
Мындай кадамга баруусуна Карыпбеков: «КТРКга жетекчи болуусун көпчүлүк каалабай жатышат жана коомдук каналга менден мыкты башчы келсин»,- деген пикирин айтты. Бирок Илим Карыпбековдон мыкты ким келбесин, бардыгы бийликтен көз каранды болоору бештен белгилүү.
Учурда Ак үйдө президенттин аппаратында Карыпбековдун ордуна талапкер көрсөтүү ызы-чуу менен коштолгону турат.
Президенттин пресс кызматы Жайнак Усеновду, ал эми Ибраим Нуракун уулун “аке-үкөлөр” колдоп жатканы белгилүү болуп калды.
Булак: "Ачык саясат"