www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британия жана жалпысынан НАТО Украина аркылуу Орусияга каршы согушуп жатат деген дооматтар чындыкка дал келбейт, деп билдирди Британиянын премьер-министри Борис Жонсон. Бул тууралуу Лента.ру жазды. Саясатчы Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун билдирүүсүнө реакция кылып, журналисттердин Британия Орусия менен согушуп жатабы деген суроосуна жооп берген.
«Алар муну Батыш менен Орусиянын же НАТО менен Орусиянын тиреши катары көрсөткүсү келет, бирок бул андай эмес», - деди ал Орусиянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн четке кагып. Жонсон, ошондой эле, «Москва бул нерсени кандай көрсөтүүгө аракет кылып жатканын» адамдар кабыл албашы өтө маанилүү экенин белгиледи.
Эске салсак, буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри НАТО Украинаны курал менен камсыздап, Орусия менен прокси-согушка жүргузүп жатканын билдирген. Ал кошумчалагандай, Киевди курал-жарак менен камсыздоо «эл аралык укук боюнча америкалыктардын абийирсиздигинин дагы бир мисалы». Андан тыгшкары, министр Батыш өлкөлөрү Украинага жөнөткөн курал-жарак атайын операцияга катышып жаткан орус аскерлери үчүн мыйзамдуу бутага болоорун белгилеген.
Булак: NazarNews.kg