www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков Сауд Арабия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль Ради мырза менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу жана өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн экологиялык таза продукцияны экспорттоо жана Сауд Аравия Королдугунан Кыргыз Республикасына келген туристтердин санын көбөйтүү жолдору белгиленди.
Саудия инвестициясын туризмге, айыл чарбага, инфраструктураны өнүктүрүүгө, соода логистикасына тартуу, бизнес-форумдарды үзгүлтүксүз өткөрүү, ошондой эле визалык талаптарды жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
"Эки өлкө ортосундагы аба каттамдарын ачууну, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын жана Сауд Арабия Королдугунун шаарларынын ортосунда түз үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачууну жигердүү изилдөө жана туризмди мындан ары стимулдаштыруу, ошондой эле жагымдуу инвестициялык жана бизнес климатты түзүү боюнча макулдашылган чараларды көрүү, бизнес демилгелерди колдоо жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттыруу зарыл", - деп белгиледи комитеттин төрагасы.
Ч.Айдарбеков кыргыз-сауд мамилелери туруктуу жана жетишээрлик бекем саясий негизге ээ жана жогорку деңгээлдеги сапарлар жана байланыштар менен бекемделгенин айтты. Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясы менен кызматташтыгы жалпысынан кыргыз-араб мамилелерин, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагында кеңейтүү боюнча стратегиялык милдеттерге жооп берери айтылды.
Өз кезегинде Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль Ради мырза Сауд Арабия тараптын Кыргыз Республикасы менен ар тараптуу кызматташууну, анын ичинде соода, туризм, экономикалык жана инвестициялык тармактарда активдештирүүгө кызыкдарлыгын билдирди. Дипломат ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Булак: NazarNews.kg