www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жаштарды чет тилдерди, айрыкча кытай тилин үйрөнүүгө чакырды. Бул тууралуу ал “Назарбаев интелектуалдык мектептер” түйүнүнүн 10 жылдык мааракесине арналган “Улуу талаа мураскерлери” форумунда билдирди:
– Быйыл "Назарбаев интеллектуалдык мектептеринде" окугандар экинчи чет тилди өз тандоолору боюнча үйрөнүп башташты. Дүйнөлөшүү доорунда чет тил билүү зарыл болуп турат. Дүйнөдө эң эле кеңири таралган англис, экинчиси испан тили болуп эсептелет, бирок биз үчүн кытай тили маанилүү.
Казак президентинин айтымында, Казакстанда жалпы тышкы соода жүгүртүү көлөмүнүн 20 пайызы Кытай, 22 пайызы Орусия, 30 пайызы Евробиримдикке туура келет.
- Жапонияда да, Кытайда да бизнес англис тилинде сүйлөйт. Бирок бир жарым миллиард калкы менен кытай тили басымдуулук кыларын көрсөтүп жатат. Мен үйрөнүп көргөн эмесмин, бирок башкаларга салыштырмалуу казактар үчүн жеңил деп айтышат”, - деди Назарбаев.
Булак: "centralasian.org"