www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев оппозицияда жүрүп, митингдерде укмуш сүйлөп, жакшы күпүлдөчү. Бакиевдер менен кызматташа электе 100 миңдеген эл чогулган митингдерде “ашыкча дүйнө жыйып не кыласың, аркы дүйнөгө байпакчан деле кетпейсиң” деп апам айтчу деген сөздү көп айтар эле. Атамбаевдин апасынын акылына абдан суктанчубуз. Апасы акылдуу аялзаты болгон экен. Баласын ачкөздүктөн оолак тарбиялаптыр. Ашыкча дүйнө жыйбаганга үйрөтүптүр дечүбүз. Андан көп өтпөй “апам көпүрө бол деп айткан” деп Бакиевдин мезгилинде, элдин тынчтыгы үчүн кызматташууга аргасыз болгонун айтып, премьер-министр болуп алган. Премьер-министр болоор замат мурдагы санаалаштарын сындап. Ойго-түшкө кирбеген сөздөрдү айтып, аянтта пресс-конференция берип, элди газ менен ууландырып, таратууга аракет кылганда дагы апасынын сөзүн эстеп, көпүрө болуп жатат деп кабыл алып, ошол кездеги күйүп-бышкан оппозиционерлерди элдин тынчтыгын бузууга аракет кылган адамдай кабылдап да калганбыз. Бакиевдер менен табакташ болгондо “Бакиев жакшы киши экен” деди. Ишендик. Бирок, көп өтпөй аны сындап, бир беткей каралап, ал тургай азыр да болгон күнөөнү аларга оодара салгысы келгенин көргөндө Атамбаевге ишенер, ишенбесибизди билбей калдык. Башкасы го мейли. Кандай болсо, ошондой кабыл алабыз. Бирок, өзү президент болгондо неге апасынын айткан акылын эстеген жок...Анткени, Кыргызстандагы үрөй учурган коррупция боюнча маселе аралганда анын башында экс-президент турат деген маалымат айтылып жатат го.
Булак: NazarNews.kg