www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Аскер прокуратурасы Чүйдөгү колонияда өзүн атканы айтылган кызматкердин өлүмүн иликтөөгө киришти.
Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү окуя болгон №16 түзөтүү колониясына барып келгенин жана иликтөө жүрүп жатканын "Азаттыкка" билдиришти.
21 жаштагы прапорщик 30-ноябрда курал сактоочу кампада табелдик куралы менен өзүн атып өлгөнүн Жаза аткаруу кызматы ырастаган. Маалыматка караганда, маркум өзүн атардан мурда туугандарына кат жазып, кечирим сураган. Чогуу иштеген адамдарга ыраазычылык билдирген.
Кызматкердин өз жанын кыйышына бир күн мурда Ысык-Көлдө "сүйлөшкөн кызынын асынып алганы себеп болушу мүмкүн" деген версия каралууда.
Булак: NazarNews.kg