www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Голливуддук актерлор жана мурунку жубайлар Анджелина Джоли менен Брэд Питт балдарын бөлүп алышты. Алар теңме-тең жана эч кандай уруш-талашсыз жол менен ажырашып тим болушту. Азыр аларды коомчулукта эң акылдуу жана ынтымактуу жол менен ажырашкандар деп талкуу кылышууда. Cот балдарды бөлүү үчүн 4-декабрда болмок, бирок, ага жетпей эле эки ата-эне тең бир келишимге келип, балдарды бөлүп, аларды чоңойтушмак болду.

Баарына белгилүү болгондой ажырашкандан кийин балдарды жана байлыкты бөлүү чоң кыйынчылыктарды туудурат эмеспи, бирок, Бредд менен Джолиде мындай учур болгон жок. Эске салсак, алар 6 баланы тарбиялап келишкен. Анджелина менен Бреддин ажырашуусна Бреддин Анджелинаны башка бир айымга алмаштыруусу себеп болгон. Мындай нерсе болгон соң Анджелина балдардын баары аны менен калуусун каалаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости