www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы учурда мурдагы бийликтин тушунда камакка алынгандарды, чыгаруу туурасында маселе көтөрүлүп, Президентке сунуштап жатышпайбы. Ошондой эле Кыргызстандан чыгып кеткендер бар, саясий куугунтукка учурагандар бар. Кээ бирлери чындыгында мыйзамды бузуп, элдин акчасын жеп качып кеткендер бар. Азыр аларды издеген эч ким жок. Бирок жок жерден жалаа жабылып камалгаңдар бар. Айрыкча мурдагы бийликтин тушунда сын айтып койсоң эле куугунтуктап, кылмыш ишин козгоп коюшчу эмес беле.

Менин айтайын дегеним, 2010-жылы 7-апрель окуясына байлап, генерал Мурат Сутали-новду "чек араны мыйзамсыз өткөн" - деп кылмыш ишин козгоп, 20 жылга чечим чыгарып камап коюшкан. Ал киши рак менен катуу ооруп жатат. Анын жанындагылар болсо амнистия менен чыгып кетишкен. Суталиновго карата мамиле ырайьшсыз болуп жатат.

Андан сырткары, 500 Акш $ алды деген жалаа менен Жусупбек Иманалиев олтурат 12 жыл-га кесилип. Ал эмнеге амнистияга илинген жок? Мен президентибиз Сооронбай Жээнбековго да кайрылаар элем, арадан сегиз жыл өттү. 2010-жылы 7-апрелде буйрук

берип, элди атгырган Суталинов эмес да. Мыйзамдын алкагында алып карасак, Мамлекеттик өзгөчө кайтарууда турган имаратгы көрунгөндөр басып алганга дагы акысы жок болчу. Эгер солдат-тын куралын тартып алууга ким-дир бирөөлөр аракет кылса, тигил солдат курал колдонгонго акысы бар. Мен муну мурдагы аскер адамы катары айтып жатам. Учур-да Мурат Суталинов катуу ооруп жатат. Анын ишин караш керек. Гумандык жагы деле бар да дүйнө жүзүндө, эми ошол кишини деле чыгарып коюшса болмок. Ишин башынан кайра карап чыгышса деген ойдомун. Жаза мөөнөтунүн жарымынан көбүн отуруп койду.

Бир эл, бир журт болгондон ки-йин, Суталинов менен Имаиалиев-дин маселесин карап, адилеттик кылып коюш керек. Президентгин алдында атайын коммиссия бар. Ошолор көтөрүп чыгып, президентке сунуш кылышса президент деле көрүшүп, билишип, чогуу иштешип деле жүрүшкөн алар менен. Ошон үчун Сооронбай Шарипович туура чечим кылат деген ойдомун. Мен кыргыз жараны катары кайрылат элем.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости