www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети бүгүн, 3-декабрда «Жунда» боюнча жумушчу топ түзүү маселесин талкуулайт. Заводдун ишин иликтөөнү депутаттар Айтмамат Назаров менен Алмазбек Акматов сунуштаган. Алар “Жунда” ишканасы үчүн химиялык заттарды өлкөгө киргизүүдө жана пайдаланууда мыйзамдардын сакталышы жеринен иликтениши керектигин айтып жатышат.

Кара-Балта шаарында жайгашкан «Жунда» мунай заводу ноябрдын башында ишин токтотуп, өткөн аптада кайра иштей баштаган. Заводдун ишинин токтошуна соттук териштирүүлөр себеп катары көрсөтүлгөн. Териштирүүлөр уланууда, бирок заводдун жетекчилиги ага карабай ишти улантып турууну чечкен.

6-ноябрда өкмөттүн жыйынында экономика министри Олег Панкратов Жунда" заводунун өндүрүшү токтотулганын кабарлаган. Ал буга заводдун айланасындагы соттук иштер менен салык төлөө маселесин жүйө келтирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости