www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2018-жылдын 3-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер
министрлигинде милиция кызматкерлери саптык кароодон өтүштү. ИИМдин Борбордук аппаратынын өздүк курамынын саптык кароо-тескемеси Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басарлары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов, милициянын полковниги Алмаз Орозалиев, милициянын полковниги Мирлан Каниметовдун катышууларында өтүлдү.
Саптык кароо мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталып жана гимндин аягында министрдин орун басарлары Кыргыз Республикасынын ИИМдин борбордук аппараттын кызматкерлеринин кийим-кечегине, кызматтык документтерине, кызматтык күбөлүктөрүнө жана тыкандуулугуна көңүл бурушту.
Аталган иш-чаранын максаты ички иштер органдарынын өздүк курамынын саптык даярдыгынын жөндөмдүлүүктөрүн өнүктүрүү, кызматкерлердин сырткы үлгүлүү көрүнүшүн жана ыкчам-кызматтык тапшырмаларды аткарууда күжүрмөн
даярдыгын колдоо.
Министрдин орун басары Алмаз Орозалиев өздүк курамга кайрылып: “Сиздердин кызматыңыздардан республиканын борбор шаарынын жана бүтүндөй аймагынын туруктуулугу менен инвестициялык келишимдүүлүгү көз каранды.
Андан сырткары, эгерде жарандар коркунучтуу кырдаалга же кырсыкка дуушар болгондо биринчилерден болуп сиздер жардамга келип, ишенимдүү коргоодо экендигин билиш керек. Сиздер муну ишиңиздерде көп жолу көрсөткөнсүздөр. Өзгөчө сиздерге жалпы коомдук жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө көптөгөн түйшүктөр жүктөлөт” –деп билдирди.
Андан соң, ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери салтанаттуу жүрүштөн өтүшүп, саптык даярдыгын көрсөтүштү.
Булак: NazarNews.kg