www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«NazarNews» маалымат агенттиги 29-августтан 6-сентябрга чейин ишин убактылуу токтотуп, жамаат кыска мөөнөттүү эс алууга чыгарын маалымдайт.
Мындай чечим Бишкек шаарында ири эл аралык иш-чаралар, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.
Аталган иш-чараларды өткөрүү мезгилинде мамлекеттик органдар тарабынан борбор калаанын инфраструктурасына түшкөн жүктөмдү азайтуу максатында шаар тургундарына мүмкүнчүлүккө жараша убактылуу шаардан сыртка чыгып туруу сунушталган.
Ушуга байланыштуу «NazarNews» агенттигинин жамааты да шаардагы жүктөмдү азайтууга өз салымын кошуу жана эл аралык иш-чараларга байланыштуу Кыргызстанга келген коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга көмөктөшүү максатында ишин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды.
«NazarNews» маалымат агенттиги 7-сентябрдан тартып ишин штаттык режимде улантат.
Окурмандарыбызга түшүнүү менен кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.