www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммити Кыргызстандын тышкы саясатында өзгөчө из калтырган окуялардын бири болду. Бир нече күндүн ичинде өлкөбүз ири державалардын, кубаттуу экономикага эгедер мамлекеттердин кызыкчылыктары кесилишкен, келечекке багыт берген чечимдер кабыл алынган саясий аянтчага айланды. Саммиттин жыйынтыгында транспорт, энергетика, жасалма интеллект, климат, коопсуздук жана финансылык кызматташтык боюнча кабыл алынган документтер Кыргызстандын алдыдагы өнүгүү багыттарына дал келди.
Саммитте кабыл алынган ар бир документтин артында Кыргызстан үчүн өзүнчө эсеп, өзүнчө кызыкчылык, өзүнчө келечек жатат. Транспорт, энергетика, жасалма интеллект, климат, коопсуздук, логистика, финансылык кызматташтык сыяктуу бүгүнкү дүйнөнүн күрөө тамырын кармаган маселелердин Бишкекте талкууланып, тиешелүү чечимдер менен бекемделиши өлкөнүн ШКУдагы орду мурдагыдан кыйла салмактуу боло баштаганын таасын далилдеди.
Саммиттин саясий өзөгү Бишкек декларациясы болду. Мунун өзү Кыргызстандын дипломатиялык тарыхында өз орду бар көрүнүш. Дүйнөнүн ири мамлекеттеринин башчылары чогулган уюм өзүнүн маанилүү саясий документин Бишкектин аты менен кабыл алды. Борбор калаа бир нече күн бою мамлекеттердин кызыкчылыктары айкалышкан, пикирлер бышкан, орток чечимдер табылган чоң саясий ордого айланды.
Кыргызстан үчүн транспорт маселеси өзгөчө мааниге ээ. ШКУ мамлекеттеринин портторун жана логистикалык борборлорун өнүктүрүү боюнча 2026–2030-жылдарга карата жол картасы кабыл алынды. Тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Кыргызстанга бир катар ири мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачылуу алдында турат. Чыгышта дүйнөлүк өндүрүштүн өзөгү болгон Кытай, батышта Борбор Азия, Кавказ, Түркия, андан ары Европа жатат. Ушул эки чоң мейкиндиктин ортосунда Кыргызстан өз ордун табууда.
Айрыкча, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу ушул жаңы экономикалык мейкиндиктин кан тамыры болуп калат. Темир жол өткөн жерде жүк эле жүрбөйт. Анын артынан соода келет, терминал курулат, кампа ачылат, тейлөө өнүгөт, ишкана пайда болот, жумуш орун түзүлөт. Бүгүн жөнөкөй көрүнгөн темир жол бекети эртең бүтүндөй аймактын экономикалык борборуна айланышы толук мыйзам ченемдүү көрүнүш. Буга чейин, Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүгү жөнүндө көп сөздөр айтылып келсе, бүгүн ошол сөздөр рельске, жолго, логистикага айланып жатат. Өлкөбүздүн географиялык жайгашуусун мамлекет өз колу менен экономикалык байлыкка айландыра баштаганда гана анын чыныгы баасы билинет.
Жасалма интеллект боюнча кабыл алынган документтердин мааниси мындан кем эмес. Дүйнө жаңы технологиялык доорго кирди. Бүгүн байлык жер алдындагы кен менен өлчөнүп бүтпөйт. Маалыматты ким тез иштетсе, илимди ким өндүрүшкө айлантса, технологияны ким өздөштүрсө, эртеңки күндүн тизгини ошонун колунда болот.
Кыргызстандын бул багытта таяна турган күчү бар. Жаштар бар, IT тармагы өсүп жатат, жаңы технологияны тез өздөштүргөн муун калыптанды. ШКУдагы кызматташтык ушул потенциалды чоң рыноктор менен туташтырат. Кытайдын технологиялык мүмкүнчүлүгү, Индиянын IT мектеби, Россиянын илимий базасы жана башка мүчө мамлекеттердин тажрыйбасы кыргызстандык адистер үчүн кеңири мейкиндик ачат.
Энергетика боюнча кабыл алынган чечимдер Кыргызстандын табигый байлыгына түз барып такалат. Биздин тоолордон агып чыккан суу ондогон жылдар бою өлкөнүн эң чоң мүмкүнчүлүктөрүнүн бири катары айтылып келди. Эми ошол мүмкүнчүлүктү толук пайдаланчу мезгил келди. Жаңы ГЭСтер, электр тармактарын жаңылоо, энергияны үнөмдөөчү технологиялар, региондук энергетикалык байланыштар Кыргызстандын экономикасына узак мөөнөттүү дем берет.
Суу бүгүн табигый байлык. Эртең ал экономикалык күчкө айланат. Ушул багыттагы туура саясат Кыргызстанды Борбор Азиядагы таза энергиянын олуттуу борборлорунун бирине чыгарат.
Климат маселеси да биздин өлкө үчүн чоочун кеп эмес. Мөңгүнүн абалы айылдагы дыйкандын суусуна, ГЭСтин кубаттуулугуна, жайыттын түшүмүнө, сел жүргөн өрөөндөгү үй-бүлөнүн коопсуздугуна чейин таасир берет. Биоартүрдүүлүктү сактоо, жашыл технологияларды жайылтуу, климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешкен аракеттер боюнча кабыл алынган документтер Кыргызстандын тоолуу мамлекет катары үнүн күчөтөт.
Бул жаатта Кыргызстан дүйнөгө айта турган сөзү бар өлкө. Мөңгү, суу, тоо экосистемасы боюнча топтолгон тажрыйба өзүнчө чоң илимий ресурс. Аны эл аралык кызматташтык менен айкалыштыруу жаңы изилдөөлөргө, технологияларга жана инвестициялык долбоорлорго жол ачат.
Коопсуздук боюнча Бишкекте кабыл алынган чечимдердин да салмагы олуттуу. Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүчү ШКУ түзүмүнүн Бишкекте жайгашуусу борбор калаанын регионалдык коопсуздуктагы ордун бекемдейт. Эл аралык структуралар кайсы жерде жайгашса, маалымат, адис, тажрыйба жана саясий көңүл да ошол жерге топтолот.
ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча консультациялардын жанданышы Кыргызстан үчүн өзүнчө чоң тема. Өлкө азыр темир жол, энергетика, ирригация, жол, логистика сыяктуу ири долбоорлорду колго алды. Масштабдуу иштер масштабдуу каражатты талап кылат. Жаңы финансылык механизмдердин пайда болушу Кыргызстанга өз долбоорлорун кеңири эл аралык каржы мейкиндигине алып чыгууга шарт түзөт.
Бишкек саммитинин эң негизги жыйынтыгы да ушунда жатат. Кыргызстан өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн майда бөлүктөргө бөлбөй, бир бүтүн мамлекеттик кызыкчылыкка айкалыштырып жатат.
Бишкек саммити аяктады, бирок анда кабыл алынган чечимдердин чыныгы салмагы эми ачылат. Темир жол, энергетика, технология, логистика, инвестиция жана коопсуздук боюнча башталган багыттар Кыргызстандын алдыдагы өнүгүү темпин аныктайт. Өлкөнүн географиялык орду экономикалык артыкчылыкка, суу ресурстары стратегиялык күчкө, жаштардын билими технологиялык мүмкүнчүлүккө, ал эми Бишкектин дипломатиялык активдүүлүгү эл аралык ишенимге айланып бара жатат. Мамлекеттин кубаты колундагы мүмкүнчүлүктү канчалык туура пайдалана алганынан көрүнөт. Кыргызстан бүгүн дал ушундай чечүүчү кезеңге келди: багыт аныкталды, мейкиндик кеңейди, эми ошол мүмкүнчүлүктөрдү өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыгына иштетүү милдети турат.