www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинен кийин кыргызстандыктарга кайрылып, иш-чараны өткөрүүгө салым кошкон бардык адамдарга ыраазычылык билдирди.
Ал акыркы бир жылдагы даярдык, уйкусуз түндөр жана чоң жоопкерчилик ачылыш аземинде көз алдынан өткөнүн белгиледи. Туманбаев президент Садыр Жапаровго ишеними, колдоосу жана чечкиндүүлүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.
Ал иш-чаранын жүрүшүндө кемчиликтер кеткен болсо, элден кечирим сурап, Кыргызстанды дүйнөгө татыктуу көрсөтүү үчүн уюштурууга катышкан миңдеген адамдар колдон келген аракетин жасаганын айтты.
"Биз бүгүн кызматтабыз, бир күнү башка адамдар келишет. Убакыт өтөт, кызматтар өзгөрөт… Бирок Кыргызстан калат. Элибиз калат. Тарыхыбыз, маданиятыбыз, мурасыбыз калат. Биздин бир гана мекенибиз бар - ал биздин Кыргызстан!",- деп билдирди Туманбаев.