www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президентинин тун уулу, ишкер Дональд Трамп кичүү (Donald Trump Jr.) Эстониянын борбору Таллин шаарына келди. Бул тууралуу 6-сентябрда Delfi порталы жазды.
Анын сапарынын максаты тууралуу маалымат берилген жок. Маалыматка ылайык, Трамп кичүү Таллинге болгон сапарынын жүрүшүндө Radisson мейманканалар тармагындагы мейманканага жайгашкан. Ал шаар ичинде күзөтчүлөрдүн коштоосунда жүрүүдө.
АКШнын Эстониядагы элчилиги америкалык президенттин уулунун сапары боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.