www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-майда Октябрь райондук сотунун судьясы Майрам Дүйшембиева "Ачык саясат" гезитинен Кожобек Рыспаевге карата 300 000 сом өндүрүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Ачык саясат” гезитинин редактору Назгүл Мамытова Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
“ЖК депутаты Кожобек Рыспаев, "мен саясий сойку эмесмин, мен партиядан партияга секирген эмесмин, мен Куловду саткан эмесмин, Атамбаевди саткан эмесмин, менин позициям туруктуу, мен өз кызыкчылыгымды ойлогон эмесмин, мен күн тийген жердин күкүгү болгон эмесмин" - деп жатат. Бир жылдан бери "Ачык саясат плюс" гезити азыркы бийликтин баш оорусу болуп келген. Эми Кожобек өңдүүлөр аркылуу чабуул жасап баштады. Мен баарын билдим. Ким аркылуу жасалган иш экенин...” – деп жазды Н.Мамытова.
Булак:NazarNews.kg