www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кара сөздүн чебери Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүндө жерге коюлган түндүктү көтөрүү, күмбөздү оңдоп-түзөөнү жакшы жөрөлгө десек болот», - деди бүгүн, 22-июлда NazarNews маалымат агенттигине актриса Назира Мамбетова.

«Түндүктүн жерде болушу кыргыз улутунун жашоо образына, түшүнүгүнө карама-каршы келет. Түшкөн түндүк жамандыктын белгиси. Ошондуктан, адам баласынын түндүгү көтөрүлүп, төбөдө бийик турушу керек. Анткени, түндүк адамдын тирүүлүгүнөн жана жашоо уланып жатканынан кабар берет. Ошон үчүн кыргыздар түндүгүңдөн тирүүлүктүн түтүнү үзүлбөсүн дешет. Залкар жазуучу, кара сөздүн чебери Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүндө жерге коюлган түндүктү көтөрүү, күмбөздү оңдоп-түзөөнү жакшы жөрөлгө десек болот. Буюрса, түндүк көтөрүлсө, кыргыз элинин зоболосу көтөрүлөт.

Туура, Айтматов биздин түндүгүбүз эле. Ал каза болгондо түндүгүбүз түштү. Бирок, анын чыгармалары тирүү да. Дүйнө жүзүндө түрдүү тилде жашап жатат. Ошондуктан, күмбөзүндөгү түндүктү көтөрүп койгонубуз туура эле болот.

Ошондуктан, бул жакшы демилгеден кыйкым издеп жаткандар жакшы ишке салым кошо албасак да, зыяныбызды тийгизбейличи. Коомчулукту дүрбөтүп, бузукулук кылгандан алыс болуп, түндүктү көтөрүп, күмбөздү оңдоп-түзө иштерине тоскоолдук жаратпайлычы.

Кагылайын эл журтум, ар кайсыны сүйлөп, майдалана бербей токтоолук, ток пейилдик кылалычы. Ниетибизди оңдоп, жакшылыктан үмүт кылалы. Түшүп калган түндүктү, жабыла көтөрөлү», - деп белгиледи Мамбетова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости