www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 22-июлда жыйынга чогулду. Ар кандай маселелер учурунда депутат Каныбек Иманалиев жаңы мыйзам долбоорунда парламентаризм чектелип жатканы тууралуу айтты.

«Бүгүнкү мыйзам долбоорлору мамлекеттик түзүлүшкө түздөн-түз таасири бар мыйзам долбоорлору. Азыр ар кыл маселелерде 95% баарыңыздар өкмөткө тапшырма бересиздер. Бүгүнкү мыйзамды кабыл алсаңыздар, өкмөт аны таптакыр аткарбайт. Ошого мыйзамдуу жол ачып беребиз», - деди Иманалиев.

Ошондой эле депутат Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамдын укуктук статусу тууралуу айтылган 3-берене тууралуу айтты. Анда Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүн президент көзөмөлдөй турганы айтылган.

«Жогорку Кеңеш деген сөз жок. Ушуну кабыл алсаңыздар, мындан кийин разный маселеде сүйлөп кереги жок. Бул мамлекеттик түзүлүштү алсырата турган... Президент дайындаган өкмөт президентке гана отчёт берет экен. Акыркы 30 жылда андай болгон эмес. Эгерде өкмөт Жогорку Кеңешке отчет бербесе, анда парлементтин кереги жок. Эгерде ушул бойдон кала турган болсо, аны талкуулап да кереги жок. Бул түздөн-түз парламентаризмди талкуулай турган статья. Муну ким даярдап келди, суроолорум бар.

Ошондон баштайлы. Эгерде ушуну колдоп берсеңер талкуулайлы, колдоп бербесек анда парламентаризм жөнүндө сөз кылуунун кереги жок», - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости