www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19 чын эле атайын табигый жол менен жаралганбы?

Ухандагы вирусология институту коронавирусту эч качан жасалма жол менен түзгөн эмес, синтездеп жана сыртка да чыгарган эмес. Мындай билдирүүнү Ухандагы биокоопсуздук боюнча улуттук лабораториянын директору, илимий кызматкер Юань Чжимин билдиргенин РИА Новости жазды.

Уханда 2019-жылдын декабрынын аягында коронавирус чыгып тарай баштаганда, ЖМКларда COVID-19дун козгогучу Ухандагы вирусология боюнча институттун лабораториясынан "чыгып кеткен" болуш керек деген ар кыл версиялар жарыяланган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери быйылкы жылдын март айында аталган мекемеге, анын ичинен жабык кармалган BSL-4 лабораториясына (ЖМКларда дал ушул жай туурасында сөз болгон) барган. Максат — чын эле вирус жасалып, андан соң тарап кеткенин аныктоо эле.

"2019-жылдын 31-декабрына чейин Ухандагы вирусология боюнча институт COVID-19ду изилдеген да, аны менен бет келген да эмес. Институттун вирусологдору эч качан синтездеп, түзүп жана COVID-19ду сыртка чыгарып жиберген эмес. Үчүнчүдөн, институттун бир дагы кызматкери же бир дагы студент бул күнгө чейин COVID-19 менен ооруган жок", — деген брифингде Юань Чжимин. Ал вирустун жасалма жол менен пайда болгонун жана лабораториядан чыгып кетишин тастыктаган бир дагы далил жок деп айтты.

"Окумуштуулар арасында COVID-19 табигый жол менен жаралган деген консенсус бар. Эксперттер жарыялаган билдирүүдө COVID-19 жасалма жол менен пайда болгон же лабораториядан чыгып кетиши мүмкүн деген нерсеге далил буга чейин болбогону, азыр да жоктугу айтылган", — деп сөзүн жыйынтыктаган ал.

Эске салсак, буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус жасалма жол менен жаралган деген пикирди четке какпай туруу керектигин айткан эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости