www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Кенжебек Бокоев парламентте орус тилинде чыгып сүйлөгөн юстиция министри Асел Чынбаевага эскертүү берди.

Ал министрлер кабинети жөнүндө конституциялык мыйзамдын долбоорун сунуштады.

Бокоев айткандай, Конституцияда президент аткаруу бийлигин да башкарат деп так жазылган.

«Жогорку Кеңеште президенттин жана өкмөттүн өкүлү бар. Бүгүнкү мыйзам долбоорунан кийин бир өкүл жетиштүү деп ойлойм, анткени аткаруу бийлигин президент башкарат», - деди ал.

Бокоев президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматовдон баяндамачылардын мамлекеттик тилде сүйлөшүн көзөмөлдөөнү өтүндү.

«Мен баяндамачылардын кыргыз тилинде гана сүйлөөсүн талап кылам», - деди ал.

Кийин депутат Сайдулла Нышанов эмне үчүн кыргыз тилинде салыштырма таблица жок экенин сурады. Ага эч ким жооп берген жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости