www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат: Сүрдөбөш үчүн Токтайым Үмөталиеваны чакырып берелиби?

Министрлер кабинети жөнүндө конституциялык мыйзамдын долбоору боюнча баяндамачылардын даяр эместиги бир катар депутаттарды нааразы кылды.

Бүгүн, 22-июлда парламент мыйзам долбоорун карап жатат. Айрым депутаттар баяндамачы — юстиция министри Асел Чынбаева орусча сүйлөгөнүнө, даяр эместигине жана суроолорго жооп бере албай жатканына нааразы болушту.

Президенттин өкүлү Анарбек Калматов мыйзам долбоорунун концепциясын колдоону суранып, министр сүрдөп жаткандыгын белгиледи.

Буга депутат Рыскелди Момбеков: «Министр сүрдөп жатат дейт. Сүрдөбөсүн деп Токтайым Үмөталиеваны чакырып берелиби? Жанында олтуруп массаж кылып турсун»,- деди.

Кечээ, 21-июлда, Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында укук коргоочу Токтайым Үмөталиева министр Асел Чынбаевага массаж жасаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости