www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Министрлер кабинетин сейрек кездешүүчү адамдар деп кызыл китепке киргизели. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков парламенттин бүгүн, 22-июлдагы жыйынында билдирди.

Жаңы мыйзам долбоорун алып келгендер депуттардан сүрдөп жатат деп жатасыздар. Анда аларга Токтайым Үметалиеваны алып келели. «Министрлдер кабинетинин мүчөсүнүн мамлекеттик сыйлыгы болсо, камакка алынышы мүмкүн эмес» деп жазып алыптыр. Бул эмне деген түркөйлүк?! Министрлердин бардыгынын грамоталары бар. Алардын бирөөсүн да камакка албай турган болсок, анда кантип коррупция менен күрөшөбүз?

«Алар президенттин макулдугу менен гана жоопкерчиликке тартылат» деген бар. Биздин депуттарды Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле камап жатасыңар го. Биротоло анда министрлер кабинетин кызыл китепке эле киргизип коёлу, сейрек кездешүүчү адамдар деп туруп. Буларга кол тийгизгенге, сөз тийгизгенге болбойт, бул акыркы экземплярлар деп. Ушундай да мыйзамды алып келесиңерби, айланып кетейиндер. Болбойт бул мыйзамыңар, алып кеткиле!», - деди Момбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости