www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Коррупция» беренеси менен Исхак Пирматов абактан чыкты

Экс-депутат Исхак Пирматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен камактан чыккан. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы тастыктап, токтом 15-июлда кабыл алынган.

«Анткени, азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору жана шектелуучу И.А.Пирматовдордун ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөн», – деп билдирди басма сөз катчы.

Эске салсак, Исхак Пирматов УКМКда 31-майда сурак бергенден кийин кармалып, эки айга камакка алынган. Атайын кызмат ага Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен айып койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости