www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын жамааты ырчы Самара Каримованын директор болушуна нааразы болушууда. Соттун чечими күчүнө кире электигине карабай ырчы директордун иш бөлмөсүнө кирип иштеп жатканын айтууда.
Ниязалы атындагы окуу жайында Самара Каримованы мугалимдер кабыл албай жатышат. Бүгүн мугалимдер митингге чыгышты.
Алар соттун чечими чыкмайынча директорлук кызматка отуруп, иштегенге укугу жеп деп чыгышкан.
--"Бизге министрлик мыйзамдуу чечим чыгарып берсин. Биз азыр Самара Каримова менен иштеше албайбыз. Ал мыйзамсыз кызматта отурат. Соттун чечими чыкмайынча жумушка келбей турсун. Айрым кызматкерлерди дагы коркутуп жатыптыр. Студенттерди бирден чакырып алып, ар кандай суроо бергенин уктук", - деп билдирди мугалимдеринин бири.
Булак: NazarNews.kg