www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биринчилерден болуп президент, спикер, премьер-министр түз эфирде COVID-19га каршы эмделип элге үлгү болуп бериши керек. Ошондо, вакцинага элдердин ишеними арта баштайт», – деп билдирди бүгүн, 21-январда депутат Дастан Бекешев парламенттин жыйынында.

Эл экүлүнүн айтымында, учурда коомдо коронавируска каршы вакцина боюнча көптөгөн пикир келишпестиктер болуп жатат.

«Баарбызга маалым болгондой эле, кээ бир мамлекеттер вакцина чыгарып жатышат бирок, алардын жетекчилери вакцинаны колдонушпайт.

Өкмөт Pfizer вакцинасы Кыргызстанга ылайыксыз, аны сактай турганга муздаткыч жок, дагы 2 миллион доллар керек деп жатат. Бирок, чынын айтканда, андан башка вакциналар көп, мисалы, кытайлык вакцина, «Спутник V», – деди ал.

Бекешевдин пикиринде, инаугурациядан кийин жаңы президент бизге кайсы вакцина керек экендигин өзү айтып, биринчи өзү эмделиши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости