www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр болуп дайындалгандан кийин Түштүк регионун кыдырууга барган. Эл менен жолугушуу учурунда бир пенсионер ачыктан-ачык эле «урматтуу Садыр мырза, урматтуу Камчыбек мырза, бизде Пирматов Исхак Айтбаевич деген коррупционер бар. Бул жигит 586 миллионду бензин менен соляркага, анын үстүнө бир бакчаны, бир заводду, Шопоковдо 10 миллион долларлык базаны 7 миң долларга алган. Бул коррупциялык ишти ачкан балдар 2011-жылы бир жылдан ашуун отуруп, азыр
ишсиз талаада калышты. Ушул ишти карап бериңиз. Менде баардык далилдүү кагаздар бар» деп кайрылып, бир чоң папке кагазды көргөзгөн.

Бул боюнча президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чара колдондубу? Чын эле эмне үчүн бул иш ачыкталбай жатат? Коомчулук күтүп жатат да. Же «жең ичинен соодалашууга» өтүштүбү? Мындай жорукка ишенбей туралы, жаңы бийлик төбөлдөрү тескери жолго барышпаса керек... Үмүт бүлбүл жанууда...

Булак: Азия News гезити

Последние новости