www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөөнү этап-этабы менен жүргүзүү пландалууда. Вакцина өлүмдүн азайышына жардам берээрин Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Брифинг учурунда министрликтин өкүлү коронавируска каршы вакциналар натыйжа бербейт дегендерге кайрылды.

"Вакцина эффективдүү эмес, эмдөөнүн коркунучу бар деп айтылып жатканын билебиз. Бирок вакцина инфекциядан каза болгондордун санын азайтат.

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, COVAX механизмининин алкагында өлкөдө 1 миллион 2 миң жаран эмдөөгө муктаж. Эмдөөнү этап-этабы менен жүргүзүү пландалууда. Ага ылайык, эң биринчи кезекте медицина тармагында иштеген кызматкерлер жана калкты тейлөө борборлорунда иштегендер эмдөөгө алынат", - деди Акматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости