www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сомдун кунун бекемдөө үчүн доллар алып келе турган товарларды чыгаруу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровбилдирди.

Анын айтымында, сомдун баасын бекемдөөнүн экономикалык ыкмалары бар. Бул маселени Өкмөт менен Улуттук банк кылдат карашы керек.

Товарларды экспорттоодо ишкерлерге тоскоолдуктар бар. Биржага чыгуу үчүн товардын көлөмү жетиштүү болушу керек.

Жапаров Скандинавия өлкөлөрү биржага чыгуу үчүн бирдей породадагы уйларды багарын мисал келтирип, ушул сыяктуу ыкмалар Кыргызстан үчүн да пайдалуу болорун белгиледи.

«Ирилешип, товарды сыртка алып чыкканга үйрөнүшүбүз керек. Азыр баары «өзүм билем» болуп калды. Тилекке каршы, мындай ыкма менен эч жакка чыга албайбыз. Маселен, Норвегияда койдун этин 50 доллардан сатышат. Биз да айыл чарба азыктары экологиялык жактан таза экенин далилдеп, чет мамлекеттерге сатышыбыз кажет. Жаныбызда Кытай мамлекети турат. 3-4 саатта Индияга жетебиз. Эки мамлекет 3 млрд эли менен турса, биз көнүп калган Сибирге ташыйбыз. Мындан сырткары биз сата ала турган продукцияны өстүрүшүбүз керек», — дейт Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости