www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров агабыздын жакшы ниет менен оң айтылган сөзүн ушул жомоктогудай кылып көбүртүп-жабыртып, «эшелон» деген сөзгө жармашып алып жамандап, каргап-шилеп жатканыңарга кошула албайм... Мындай пикирин журналист Асейин Саралаев бүгүн, 21-январда өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Эшелон

...Кычырабаган кыштын аяздуу эмес түнү. Бизде акыркы жылдары кыш деле «надоело» дегендей анча кычырабай, аяз деле терезелерге мурдагыдай ээринбей отуруп алып сүрөт тартпай деле калбадыбы? Ошондуктан кычырабаган кыштын, ызгардуу эмес түнү... Таң атаарына дагы 7 саат калганына карабай саатынан жаңылган короздор алжыгансып ар кайсы жерден кыйкырып, свиданиядан кезек жетпей калып «полева» болуп үйүнө шүмшүйүп келген иттердин көңүлсүз үрүп койгону болбосо айлана мемиреп тыптынч. Союз кезиндегидей же токсонунчу, эки миңинчи жылдардын башындагыдай аракка тоюп алып дуулдаган кемпайлар жок. Ал үчүн биз жаман көргөн дааватчыларга рахмат айтсак болот. Ошолордун мээнети... «Чагылган» деген ырдагыдай бир күрмөнүн ичине баш каткан тоок сүйүүлөр да жок. Азыр анын баары жылуу төшөктөрүндө жатып алышып эле телефондору менен баш катыша беришет. Үйдө элдин баары уктап жатат десек болбойт. Кары-жашына карабай, бала-бакырадан бери, телефонунда интернет лимити бүтпөгөндүн көбү «Түтүнү бөлөктүн түйшүгү башка» дегендей беттерин жаркыратып алышып экрандан көздөрүн албай чакчайып уктабай жатышат... Анан эле күтпөгөн жерден айыл ичи ызы-чуу болуп, кудай бетин салбасын Сооронбай ака кетеринде киргизилген түрү суук чүмкөмө машинелер айылдын көчөлөрүнө адыраңдап киришип, беттерин беките жапкан аскерлер үймө-үй кыдырып эшик терезелерди сындырып жиберчүдөй тарсылдата башташты.

- Эй, тургула! 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектер тезинен кийинип чыккыла. Москвага эшелон-эшелон болуп кетесиңер! Станцияларда эшелондор күтүп жатат. Барбагандар атыласыңар! - деп зиркилдеп буйрук берип жатышты.

«Кыргызстанда кайсы оңгон темир жолу, кайсы дүркүрөгөн станциялар жана эшелонго жарай турган поезд бар эле, жакында эле 250.000 долларга чатак болуп жатышты эле?», - деп эси эңгиреген эркектер, келме айтканга чамасы келбей кийине башташканда, бери жактан кыз-келиндер ызылдап: «Эмне аялдар адам эмес бекен? «Между прочим» азыр тең укуктуубуз! Бала бакпайм, нан жаппайм, чай куйбайм деп койсок деле закон тыя албайт! Биз да кетебиз!», - дешип камына башташты... Айтор Ала-Тоонун ичинде «ажиотаж!» Көрсө Акылбек Жапаров деген депутат демилге көтөрүп салып, ал айтары менен жомоктогудай тездик менен эшелондор пайда болгон экен...

Кыскасы, Акылбек Жапаров агабыздын жакшы ниет менен оң айтылган сөзүн ушул жомоктогудай кылып көбүртүп-жабыртып, «эшелон» деген сөзгө жармашып алып жамандап, каргап-шилеп жатканыңарга кошула албайм... Тескерисинче учакка билетти арзандаткыла, мурдагы бааларды калыбына келтиргиле, болбосо арзан түшө турган поезддерди, тагыраагы эшелондорду уюштуруп бергиле дептир.

Эшелон деген сөздү да туура айткан. Азыр согуш учурундагыдай эле абалда жашап жатабыз го? Пандемия бул адамзатка келген согуш, кыргын болду. Чек аралар жабылып, поезд каттамдары да тыйылды. Ал эми ушундай учурда каттай турган атайын рейстерди, согуштук термин менен «эшелон» деп эле айтат экен. Анын эмне уяты бар? Жапаров айтса эле эшелонго зордоп салып согушка алып барчудай ызылдап атабыз. Тарыхта мындай «эшелон» болуп эл ташылган учур көп болгон. Европадан Америкага кемелерде эшелон болуп ташылгандар, согуштан кийин Германияга, Батышка Түркиядан канчалаган эшелон түрктөр ташылган. Филиппинден Корея, Японияга ташылган эшелондор... Жакынкы эле жылдары автобус, такси, машина менен эшелон болуп бир өлкөдөн бир өлкөгө жумуш издеп жер которгондор бир эле кыргыздар бекен?

Россияны койчу кечээ эле Форма-2 деген шылтоо менен 500.000 адам эшелон болуп ташылганда эмне чычалаган жоксуңар?

Акылбек Жапаров негизи эле кыйын экономист жана саясатчы. Ал чындыкты айтты! Азыр миң сыйкырчы келсе дагы «Даканса» деп таш көтөргөн, бакырган, кооз сөздөргө ишенген өлкөбүздү өнүктүрө албайт. Айла жок тышка жумуш издөөгө туура келет. Мамлекет жок дегенде тыштан иш таап берсин, билетин бекер берсин деген ой айтыптыр... Казынабыз Кулуевадагы сойку кыздардай дырдай жылаңач болуп сүт чыкпаган эмчегин шалпылдатып отурса, баскан жерибиз топурак эмес пахта болсо, мыйзамдар менен көчүк аарчып бузуп жатышса, идеологиябыз кустурам, чычтырам болсо, урааныбыз даканса болсо, билерманыбыз Бакайлар болсо, акыркы үмүтүбүз Садыр ава болсо кайсы арыбызга «эшелон» деген бир ооз сөзгө арданабыз?

Биринчи өзүбүздү оңдойлучу деп кыйын болобуз да, бирөөнүн жакшы айткан жүз сөзүнүн, элге жакпаган бир сөзүнө жабышып алып, кумурсканы пил кылганга устат болдук... Ал эми көчөдө болсо жолду жаап аян берүү үчүн репитиция өткөрүп жатышат пахтакорлор... Дагы деле ызылдаган эл! Жабык жолдо унаалар эшелон болуп жыйылып калган экен... Акылбек байке мен сизге ийгилик каалайм! Сиздин айткандарыңызды туура кабыл алдым. Кыскасы ушундай жомок!», - деп кошумчалады Асейин Саралаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости