www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евразиялык аналитикалык клубдун жетекчиси, эл аралык саясат таануучу Никита Мендкович УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын кийинки президенти болушу мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналына жазды.
Камчыбек Көлбаев (Коля кыргыз) өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров саясий таасирин тездик менен жоготуп баратат жана ал кызматтан эрте кетиши мүмкүн. Кийинки президент болууга мүмкүнчүлүгү бар вице-премьер-министр, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев күч алууда. Жапаров кырдаалды кайрадан көзөмөлгө алып, өзүнө жаңы күчтүү база түзбөсө, Ташиевдин келечектеги пландары жана багыттары жөнүндө ойлонушубуз керек», - деп жазат Никита Мендкович.
Эксперттин баамында, анын божомолу боюнча, же Ташиев Жапаровдун иш жүзүндө мураскери болуп калат, же Жапаров Ташиевди «тең салмактап» турган жаңы саясий базаны түзөт.
Маалымат үчүн айта кетсек, Никита Мендковичтин маалыматы дүйнө жүзүн аралап, президент Садыр Жапаров толугу менен өзүнүн күчүн жоготкондугун жазышууда. Ал эми жогорку эксперттин сөзүнө кыргыз эксперттери үн каткысы келбеген менен көшөгөнүн артында Ташиевдин президент болуп калуусу толугу менен мүмкүн экендигин айтышууда.
Булак: NazarNews.kg