www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаевдин аты бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйындар залында дагы айтылды. Дегеле бул кишинин аты аталагына көп болду. Бирок, “өй” деген үн жок. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, экс-президенттин жакыны. Бул киши мыйзам дегенди козгө илбейт.
ЖК депутат Жанар Акаев какшап эле келе жатат, Өкмөт тараптан тийиштүү жаза жок.
"Кыргыз темир жолу" ишканасы Казакстандан 150 вагон сатып алыш үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 8 млн. 380 миң доллар насыя алганы менен азыркыга чейин вагондорду алып келбеген. Вагондордун акчасы кайда? Такталбаган маалыматтарга таянсак, кызы конок үйүн салып алган. Ногойбаевде бет деле жок экен, уялбай Өзбекстандын Кыргызстандын «Темир жол ишканасына» болгон 137 млн. сом карызын кечип таштаптыр.
Эл арасында Ногойбаевдин “богума эч ким куурай сая албайт” дегени чынбы? Демек, Ногойбаевдин “богуна” сайылган куурай көктөп чыкан го чиркин. Анчалык кыйын болсо Ногойбаев, вагондордун ичини кирип “чыча” берсе болот экен да.
Карыз кечкич Ногойбаевди кетирип, Нариман Түлеевди "Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору кылып шайлап койсок, "сеням тынч жана меням тынч" болот элек...
Булак: NazarNews.kg