www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апта башындагы маршрутчулардын иш таштоосу ордо калаанын тургундары үчүн күтүүсүз болуп, эки күн көптөгөн ыӊгайсыздыктарды жаратты. Укук коргоо органдары да тийиштүү чараларды көрө алган жок. Ошондуктан, ошол күнү автомашиналары каттамдарга чыкпаган, алдынала эскертилбеген митинг жасаган фирмалардын баарын лицензиядан ажыратуу керек. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

«Эмне үчүн ушул кезге чейин алдынала эскертилбей жасалган митинг иликтенип, аны баштагандар жоопко тартылбайт? Эмне үчүн каттамга чыккан айдоочуларды коркутуп-үркүтүп жүргөн адамдар аныкталбайт? Менимче, бул маселени кылдат иликтеп чыгып, тиешелүү чараларды көрүү керек», - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости