www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилде парламенттик шайлоодо добуш берүүгө катышкандардын саны рекорддук деңгээлге жетти. «The Times of Israel» басылмасынын маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө карата шайлоочулардын 66,7 пайызы добуш берген. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 9 пайыздык пунктка жогору.
Шайлоого 4,8 миллиондон ашык адам катышкан. Добуш берүүнүн жыйынтыгы премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун саясий келечегине таасир этиши мүмкүн. Сурамжылоолор анын коалициясы парламенттеги көпчүлүгүн жоготушу ыктымал экенин көрсөтүүдө. Анын негизги атаандашы - мурдагы Башкы штабдын башчысы Гади Айзенкот.