www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин бир катар райондорунд газ берүү токтотулат

«Бишкекгаз» ишканасы 29-октябрдан 30-октябрга чейин Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотуларын билдирди. Буга орто басымдагы жер алдындагы газ түтүгүн кайра туташтыруу иштери себеп болот.

Газ БЧК, Лермонтов, темир жол, Ленин жана Калинин көчөлөрү, ошондой эле Жибек Жолу проспектиси менен чектелген аймакта өчүрүлөт. Мындан тышкары, Энергетиктер шаарчасы, Аламүдүн-1 жана Тунгуч кичи райондору, Куруучулар шаарчасы, Учкун кичи району жана Учкун конушу, АГНКС, «Бишкек Сүт», Рухий Мурас жана Кырман конуштары, «Алтын Ажыдаар» ЖЧКсы, «REEMTSMA» ААКсы жана «Жанар» ЖЧКсы газсыз калат.

«Бишкекгаз» ишканасы абоненттерден газ өчүрүлгөн убакта энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну өтүнүп, жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады. Газ кызматкерлеринин айтымында, иштер газ менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Последние новости